Жаңылык

Жазгы айдоо-себүү иштеринин жүрүшү боюнча 2020-жылдын 13-апрелине карата кыскача маалымат

Быйыл жазгы-талаа иштери былтыркы жылга караганда 10-15 күнгө эрте башталды. Бул компаниянын жүрүшү Министрликтин жооптуу кызматкерлери региондорго бекитилип,   чечилбей жаткан проблемаларды өз убагында чечүүгө  жардам көрсөтүлүп жатат.

Жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1219 миң га, же өткөн жылга салыштырганда 2,3 миң га көп болжолдонууда.  2020 –жылы 745 миң га жерге жазгы айдоо себүү жумуштары жүргүзүлөт.

Жазгы талаа иштерин өткөрүүгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн себүү кондициясына 84 % жеткирилет.

Бүгүнкү күнгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн менен камсыздалышы буудай-арпа  менен 95,0 пайызга камсыз болду.

2020-жылдан тартып дотациялоо системасы ишке киргизилип,  дыйкан-фермерлер үрөн чарбаларынан сертификацияланган үрөндү базар наркынан 30 пайыз арзан баада сатып алып жатышат. Жыйынтыгында түшүмдүүлүк 5-10 % чейин өсүшү болжолдонууда.

Ошондой эле 2019-жылы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Суусамырдагы дыйкандарга 73 тонна арпа үрөнү жеткирилип берилди.

Ал эми минералдык жер семирткич боюнча бүгүнкү күнгө 80,7 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар. Анын чичинен:  аммиак селитрасы – 69,8 миң.тонн; — фосфордук – 10,8 тыс тонн;- калийные – 0,127 тыс.тонн. Минералдык жер семирткичтерди сатуу боюнча  74 соода точкалары иштеп жатат.

Аммиак селитрасынын орточо баасы  18,5-21,0 сом, карбамид – 20-23 сом жана Аммофос 29-31 сомду түзөт

Жазгы талаачылык иштерине — 40,6 миң тонна дизелдик отун талап кылынат, анын 35,4 миң тонна, же   87,2 пайызы камсыз болду. Дизелдик отундун баасы литри 43,5 сомду түзүүдө.

Айыл чарба техникаларынын ремонту боюнча бардык облустарында тракторлорду, себүүчү жана жер иштетүүчү айыл чарба техникалардын ремонту  88-94%  болду. Машина-трактордук парктарды (МТС) жаңылоо максатында быйыл 250 даана айыл чарба техникалар берилет. Бүгүнкү күнгө  анын 107 даанасы берилди.

Мындан сырткары МТСтерди түзүү колго алынып, бүгүнкү күнү муниципалдык жана жеке болуп, баардыгы 90 МТС түзүлдү. Быйыл да, 10 машина трактордук

Жеңилдетилген  кредит. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын  14-февралындагы № 81 токтому менен бекитилген «Айыл чарбасын каржылоо-6» долбоорунун алкагында «Айыл-Банк» ААК, РСК-Банк аркылуу  2020-жылдын 8-апрелине карата жалпы 661,5 млн. сомго  жеңилдетилген насыя берилген, анын ичинен «Айыл-Банк» ААК аркылуу-285,2 млн.сом, РСК-Банк аркылуу 365,1 млн. сомго кредит берилди.

Натыйжада күздүктөрдү кошумча азыктандыруу 90,7 миң га жүргүзүлүп, тапшырма 94,3 % аткарылды.  Күздүктөрдү азыктандыруу иштери Баткен (98,0%), Жалал-Абад (100%), Ош (100,0%), Чүй (100%) облустары боюнча бүткөрүлүп калды. Ал эми Талас Ысык-Көл облустарында 50,7% -53,4%  аткарылган.

2020-жылдын 13 апрелине  карата облустук өкүлчүлүктөрүнүн ыкчам маалыматтары боюнча жалпы республика боюнча жазгы жер айдоо иштери 345,0 миң га жүргүзүлүп, тапшырма 54,4%га аткарылып, өткөн жылдын деңгээлинен 50,3 миң гектарга көп жүргүзүлдү. Мында бир гана Чүй облусу тапшырманы 96,0% аткарууга жетишти. Учурда тамеки, фасоль жана күрүчтөн башка баардык айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери  208,6  миң га себилип, же тапшырманын 67,8 %, 2019-жылдын деңгээлинен 28,8 миң гектарга көп себилди. Негизинен кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери  Талас облусу тапшырманы 125,0 %, Ал эми  себүү иштери  Баткен (99,0%), Чүй (94,1%), Жалал-Абад (90,9%) жана Ош – (89,2%) облустарынын дыйканчылык аймактарында бүткөрүлүп, учурда бийик тоолуу райондорунда улантылып жатат. Азыркы мезгилде Ысык-Көл (21,8%) жана Нарын (4,8%) облустарында кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери кызуу жүргүзүлүүдө.

Тоолуу аймактарда кылкандуу дан эгиндерин себүүнү апрелдин аягына чейин, ал эми Нарын жана  бийик тоолуу райондор (Чаткал, Чоң-Алай, Тогуз-Торо, Тоң жана Суусамыр өрөөнү) май айы ичинде  жүргүзүшөт.  

Жаздык буудай республика боюнча 70,4  миң га себилди. Бул тапшырмада белгиленген 114,3 миң га, 61,6 % түзөт, же 2019-жылга карата 16,6 миң көп көп себилген, себеби Талас, (0,6 миң га), Чүй (3,8 миң га) облустары  өткөн жылга салыштырмалуу  көп себишкен.

 Ал эми арпа  138,2 мин га себилип, тапшырмада  71,4 % түзүп, өткөн жылга карата 12,2 миң га көп себилген, себеби Чүй  облусу өткөн жылга салыштырмалуу 4,0 миң га көп сепкен.

 Жүгөрү себүү иштери түштүк облустарда жана Чүй Талас облустарында кызуу башталып, 23,1 миң га аянтка себилди (21,6%) жана былтыркы деңгээлден 8,3 миң га көп.

 Картошка 10,9 миң га жерге отургузулуп, тапшырма 15,4% га аткарылып, же себүү темпи өткөн жылга салыштырмалуу 3,3 миң га көп болууда.

Учурда жашылча себүү иштери жалпы республика боюнча кызуу жүрүп, 13,5 миң га аянтка себилип, былтыркы жылга салыштырмалуу 1,8 миң га көптүк кылат. Бахча өсүмдүктөрү 2,5 миң га себилип, тапшырма 22,0 %га аткарылып, 2019-жылдан 300 га көптүк эгилди.

Кант кызылча Чүй жана Талас облустарында 4,9 миң га аянтка себилип, тапшыпмага карата 35,8% түздү жана былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн 3,8 миң га көптүк кылат.

Пахта себүү Ош жана Жалал-Абад облустарында кызуу жүрүп,  6,2 миң га аянтка себилди жана былтыркы жылдан1,3 миң га көп.

Май өсүмдүктөр республика боюнча 8,9 миң га аянтка жайгаштырылып, белгиленгендин 35,0 % түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3,1 миң га көп. 

Показать текст
Close