Жаңылык

Жабык кыртыштын зыянкечтери жана илдеттери

Жабык кыртышта жашылча өстүрүүчүлүк-бул калкты жыл бою жашылча өндүрүмү менени камсыз кылуучу жана  аянт бирдигинен көбүрөөк түшүм алууга мүмкүндүк берүүчү агроөнөр жай комплексинин тармактарынын бири. Бирок бул үчүн өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана илдеттерден натыйжалуу коргоо зарыл.

         Бүгүнкү күндө жабык кыртыш-бул аянттарды интенсивдүү калыбына келтирүү жана көбөйтүү мезгилдеги технологиялардын жана күнөсканалардын ар кандай түрлөрү. Ал тургай жеке сектордо 1 м 2 дан 20 кг бадыраң жана 35 кг томаттын түшүм алууга мүмкүндүк берген технологиялар жайылтылып келет. Түрдүк жана сорттук топтому чектелгендиги, которуштуруп айдоонун жоктугу, кыртыштык жана шагылдык субстраттын,  жумшарткыч курулмалардын алмаштырылбагандыгы, жасалма түрдө түзүлгөн микро климат күнөсканаларда зыяндуу организмдердин жана илдеттердин массалык көбөйүүсүнө мүмкүндүк берет. Фитосанитардык абал, күнөсканалардын кыртышы дайыма эле бууга кармалбагандыгынан, импорттук урук материалынын фитопатологиялык абалына ГОСТтун жоктугунан да начарлайт. Зыянкечтердин жана оору козгогучтардын түрлөрүнүн саны ачык агроценоздордорго караганда аз болорун белгилеп кетүү керек. Мындай курулмаларды жыл бою  дайыма пайдалануу, дайыма температуранын жана абанын нымдуулугу жогору болгондугу, зыянкечтердин массалык көбөйүүсүнө түрткү берет жана алардын зыяндуулугун бир кыйла көтөрөт. Жабык кыртышта зыяндуу организмдердин түрдүк курамы жабык кыртыштын субтропикалык шарттарына көнүшкөн спецификалык формалар түрүндө болот. Биздин бардык агроклиматтык зоналарда жабык кыртыштагы өсүмдүктөргө курт-кумурскалардын жана кенелердин бүтүндөй комплекси чоң зыян келтирет. 

         Жабык кыртышта жөргөмүштөр түркүмүндөгү кенелердин эки -кадимки жана кызыл түрүнүн массалык түрдө көбөйүүсү байкалат. Күнөскана ак канаты кеңири таркаган полифаг, өсүмдүктөрдүн 60 тан көп түрүндө жолугат, ал эми жабык кыртышта бардык күнөсканада өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү баарына зыян келтирет.

         Ак канат өсүмдүктүн ширеси менен тамактангандыктан гана зыяндуу эмес, ошондой эле илешкээк таттуу массаны бөлүп чыгарат да, ага кара көсөө козу карындары отурукташып көбөйүшөт. Коркунучтуу зыянкечтердин  800гө жакын түрлөрү бар. Негизги топту өсүмдүк биттери түзөт. Алардын өнүгүүсү биринчи ээлер болбогондуктан,   экинчи өсүмдүктөрдө өтөт, бул оранжерея же жашыл шабдаалы, чоң картошка, бакча, салат, буурчак биттери ж.б. Сезилерлик зыянды тамеки жана оранжерея биттери келтирет. Кош канаттуулардын катарынан жашылча өсүмдүктөрүнө зыян келтирип бардык жерде таркаган, бадыраң чиркейи паслендор минери зыян келтирет. Акыркы убактарда жаргак канаттуулар катарынан күнөсканаларага кирип алган фитофагдар: күздүк, пахта, огород жана башка үкүчөлөрдүн чоң зыян келтирүүлөрү болуп жатат. Жашылча өсүмдүктөр үчүн коркунучтуу болуп фитопатогендик нематодалар саналат, алар тамырларды митечилик кылышат.  

Илдеттердин ичинен жабык кыртыштагы  жашылча өсүмдүктөргө кыйла чыгымдарды тамырчылар (питилик, ризоктиндик, фузариоздук) боз жана ак чириктер, бактериоздор, фуариоздук соолуу, переноспороз, аскохитоз, антракнос, ак кебер ж.б. келтирет. Акыркы учурларда жабык кыртышта томаттардын штрихтелген (стрик) илдети көп кездешүүдө.

Штрихтелген  (стрик)

Штрихтелген томаттардын мөмөлөрүнүн вирустук оорусу  болуп саналат, ал өсүмдүктүн бардык органдарын жабыркатат. Илдеттин натыйжасында сабактарында күрөң-кызыл штрихтер жана тилкелер пайда болот, жалбырактар туура эмес формада каралжын тактар менен жабылат. Натыйжада жалбырак өлөт. Өсүмдүк сынма жана морт болуп калат. Томаттын мөмөлөрү күрөң түстөгү, дөмпөйгөн тактар менен капталат. Бул илдеттин негизги булагы болуп илдетке кабылган өсүмдүктөрдүн уруктары саналат. Илдет бутоо мезгилинде да берилиши мүмкүн. Илдет абанын мелүүн температурасында (20 градустан көп эмес) жана жетишээрлик жогорку нымдуулукта тездей тургандыгын эске алуу керек.

Помидорлордун стрики менен күрөшүү чаралары:

  • үрөндөрдү соо өсүмдүктөрдөн алуу керек,
  • үрөндөрдү  марганецтин 1% эритмеси менен жугушсуздандыруу керек,
  • вегетациялык мезгилдин ичинде өсүмдүктөрдү багууда негизги гигиеналык эрежелерди сактоо керек,
  • бардык ооруган өсүмдүктөрдү жок кылуу керек.

Зыянкечтер, козу карындардын споралары жана бактериялар күнөсаналардын конструкцияларында жана жабууларында, кыртышта, вирустар-кургак өсүмдүктөрдүн калдыктарында сакталып калат. Ошондуктан зыянкечтердин таралуусунан качуу үчүн иш-чаралардын комплексин пайдалануу керек.

Кээ бир жылдары күнөсканалардагы илдеттерди козгогучтардан түшүмдөрдүн 20-30% жоголот, өсүмдүктөрдүн жалпы чалдыгуусунда 50-60 ка жетет да, жашылча өндүрүмүнүн сапаты төмөндөйт. Күнөскана комбинаттарда араларында технологиялык ажырымы жок болгон эки которуштуруп айдоо колдонулат, жыйынтыгында зыяндуу организмдер бир өсүмдүктөн экинчи өсүмдүктүн түрүнө өтөт. Күнөскананын шарттары зыяндуу организмдерден коргоочу иш чаралардын өзгөчөлүгүн аныктайт, алардын ичинен күнөскана өсүмдүктөрүн өстүргөнгө чейинки жана андан кийинки, ошондой эле которуштуруп айдоо аралыгында профилактика    милдеттүү түрдө болуп саналат. Жабык кыртыш шарттарында химиялык препараттарды колдонуунунун терс кесепеттери күчөйт. Дарылоонун көп жолу болушу, күтүү мөөнөттөрүн сактабагандык жашылча өндүрүмдүн пестициддердин калдыктары менен булгануусуна алып келет. Андан башка күнөсканада иштөөгө жагымсыз шарттар түзүлөт, негизги зыянкечтердин химиялык препараттарга чыдамдуу боло баштайт. Тажрыйба көрсөткөндөй, жөргөмүш кенесинин, ак канаттын чыдамдуулугу бир эле вегетация мезгилинде бир нече  жолу өсөт. Азыр бул зыянкечтер,  химиялык препаратттардын бардык группаларына туруктуулугун көрсөтүп жатат, бул  болсо алар менен күрөшүүнү кыйындатууда. Ошондуктан түшүмдү жогорулатууда жана анын сапатын жакшыртууда күнөскана өсүмдүктөрүнүн интеграцияланган коргоо системасы маанилүү роль ойнойт, аларга уюштуруучулук-чарбалык, профилактикалык, карантиндик, агротехникалык, артыкча экологиялык коопсуз каражаттарды, басымдуу мааниси бар микробиологиялык препараттар жана энтомофагдарды  пайдалануу   иш-чаралары кирет.

Уюштуруучулук-чарбалык жана карантиндик чаралар.

Күнөскана курулмаларын максималдуу пайдалануу жана аларда зыяндуу организмдердин өнүгүүсүн чектөө үчүн өсүмдүктөрдү илимий негизделген которуштурууну кармануу керек. Вегетациялык мезгил бүткөндөн кийин күнөсканадагы бөлмөнү өсүмдүктөрдүн калдыктарынан, отоо чөптөрдөн таза тазалоо, күнөскананын тегерегиндеги аймактагы таштандыларды алып аларды жок кылуу, кыртышты зыянкечтер, нематодалар жана илдеттерди козгогучтар менен булгануусуна анализ жүргүзүү керек.

         Биринчи отургузулган өсүмдүктөрдүн вегетациялык мезгилинде пайдаланылган күнөскана курулмаларын, тараларды жана шаймандарды фезинфекциялап чыгуу керек. Жума сайын отургузулгандан баштап өсүмдүктөрдү зыяндуу организмдерге карата сөзсүз текшерүү керек. Рассадниктерди өндүрүш күнөсканалардан бөлүү керек.

Профилактикалык иш чаралар.

Илдеттердин таралуусун чектөө жана жашылча өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн сапатын жакшыртуу үчүн калибрлөө, жугушсуздандыруу, күнөсканаларды, текчелерди, жолчолорду хлордуу акиташ (400г ды 10л сууга) же каустик содасы (300-500 г ды 10 л сууга) менен дезинфекциялоо жүргүзүлөт. Тамыр чириктерине, фузариоздук соолуга каршы үрөндөрдү биопрепараттар: козу карын препараты Триходермин (кургак же суюк формалары) жана бактериялык — Ризоплан жана Гаупсин (10г ды 1 кг үрөнгө) менен дарылайт.

Илдеттерди козгогучтардын жана зыянкечтердин комплекстерине каршы кыртышты термикалык зыянсыздандырууну (бууга кармоо) өсүмдүктөрдү отургузганга чейин 1,5 айдан кеч эмес жүргүзүү керек. Күнөсканада химиялык жугушсуздандырууну күзүндө 20 ° С тан  төмөн болбогон плюс температурада жүргүзүшөт.  Кыртышты жугушсуздандырууда пайдалуу микробиоттордун кыйла бөлүгү жок болоорун, микроорганизмдердин ортосундагы катыштар өзгөрүп, экологиялык нишаны өсүмдүктөргө терс таасири берүүчү токсикант-түрлөр толуктаарын изилдөөлөр көрсөттү. Кыртыштагы микробиологиялык процесстерди калыбына келтирүү үч жумага чейин созулат. Ошондуктан кыртышты антогонист-козу карындар менен байытуу үчүн, бууга кармагандан 15-20 күндөн кийин жашылча өсүмдүктөрдүн илдеттерин козгогучтарга каршы Триходермин биологиялык препаратын берүү керек.

Агротехникалык иш чараларга жашылча өсүмдүктөрүнүн вегетация мезгилинде  температуранын оптималдуу режимдери, абанын, кыртыштын нымдуулугу, себүүнүн жана отургузуунун оптималдуу  мөөнөттөрүн сактоо, жер семирткичтердин комплекстерин өз убагында берүү кирет. Бадыраң өстүргөн күнөсканаларда абанын температурасын түнкүсүн 18…  20 ° С тан төмөн эмес жана күндүз 28 ° С тан жогору эмес, салыштырмалуу нымдуулукту  — 80-85% жана 75-80% кармоо керек. Помидор өстүргөндө абанын температурасы күндүз 22 … 24 ° С жана түнкүсүн  16 … 18 ° С, ал эми абанын салыштырмалуу нымдуулугу — 60-65% болуш керек. Күндүзгү жана түнкү температуралардын ортосундагы кескин өзгөрүүлөрдү, конденсатты жана  өтмө шамалды болтурбоо керек. Өсүмдүктөрдү 25 ° С тан жогору болбогон жылуу суу менен сугаруу керек. Төмөнкү температураларда кыртыш ашыкча сууланбаш үчүн азыраак сугаруу керек. Көп жылдык изилдөөлөр көрсөткөндөй, профилактикалык жана агротехникалык иш –чаралардын комплексин сактоо жана аткаруу илдеттердин өнүгүүсүн жана зыянкечтердин санын 50-60% га азайтат, бирок күнөскана өсүмдүктөрүн толук коргоону камсыз кылбайт. Ошондуктан биологиялык препараттарды, ал эми өсүмдүктөрдүн зыянкечтери көп болгондо жана илдеттер өнүккөндө –коргоонун химиялык каражаттарын  колдонуу муктаждыгы пайда болот. Коргоонун биологиялык каражаттарынын таасир этүү механизми, зыяндуу организмдерде бактериялардын, козу карындардын  митечилик кылуусунан, жок кылуусунан жана  жабырлатуусунан, ошондой эле алардын илдеттерди козгогучтарга каршы антагонисттик касиеттерин пайдалануусунан көрүнөт. Өсүмдүктөрдү коргоо институту микробиологиялык препараттарды өндүрүү технологияларын иштеп чыккан. Ак канаттарды аныктоо үчүн күнөскананын ичине сары жабышкак капкандарды  (100 м2 жерге 5-6 даана) илип коюшат, анын баштапкы өнүгүү этабында санын азайтуу үчүн энкарзия энтомофагын (м 2/ 5-10 особь, 17-22° С температурада)  коё беришет. Өсүмдүктөрдүн вегетация убагында макролофус м2/5 особьэсебинде, жырткыч зыянкечтин очогу табылса 1:5-10 катышта коё беришет. Кийинки эки коё берүүнү ар бир 10-12 күндөн кийин га/150 миң особь эсебинде коё беришет.  Өсүмдүктөрдү Вертицилин менен (26 ° С га чейинки температура) же Боверин (26 … 30 ° С температурада) дарылайт. Өсүмдүктөрдүн вегетация убагында жөргөмүш кенесинин очогу пайда болгондо 1:30-40 катышта фитосейулюс, ал эми массалык көбөйүүсүндө-акарифагдар (500 миң особь/га) коё берилет, өсүмдүктөрдү — Битоксибацилин (1% суспензия), Актофит, 0,2% к.э. чачат. Тамеки трипсне каршы биологиялык препарат Боверинди амблисейусту коё берүү менен айкалыштырат. Зыянкечтин очогун Боверин суспензиясы менен мл/ Амблисейустун 4х107 конидия концентрациясы менен дарылап,  1:2 жырткыч-олжо катышында коё беришет, ал эми зыянкечтин саны жогору болгондо амблисейусту Боверин менен иштетет. Боверин суспензиясынын сарпталышы өсүмдүктүн абалынан көз каранды болот  жана 1000 м2 ка 150 дөн 500 л ге чейин өзгөрөт. Биттерге каршы Галица афидимизин 1:5 катышында коё беришет, нематоддорго каршы – кыртышка Нематофагинаны коё беришет. Зыянкечтер көп санда болуп жана массалык көбөйүүсүндө энтомофагдар үчүн зыянсыз жана “Кыргызстанда пайдаланууга  уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын тизмесине” кирген пестициддерди колдонушат. Тамыр жана боз чиригин козгоочулар комплекси менен күрөшүүдө: Триходермин (кургак жана суюк формасы), Ризоплан, Гаупсин* биопрепараттары ийгиликтүү колдонулат.

Показать текст
Close