Жаңылык

Чүй облусунда кант кызылчасынын өнүгүү фенологиясы


Өсүмдүктүн өнүгүү фазасы
Күнү
Айдоо 06.04.
Чыгуусу 19.04
Кадимки 3 жалбырактардын пайда болушу 11.05
Жөөктөрдүн жабылышы 19.06.
Тамыр мөмөнүн өсүшү 27.07.
Техникалык бышышы 23.09.
Жыйноо 01.10.

Агротехникалык ыкмалардын комплекси. Которушутуруп айдоо.

Которуштуруп айдоо кант кызылчасынын зыянкечтери жана илдеттери менен күрөшүүдө кыйла натыйжалуу факторлордун бири болуп саналат.

Которуштуруп айдоодо өсүмдүктөрдү туура кезектештирүү өтө маанилүү. Чөптөрдүн катмарлары боюнча күздүк буудайды, ал эми айлантуу боюнча катмарлар боюнча кант кызылчасын жайгаштыруу керек. Көп жылдык чөп өсүмдүктөрүн  айдагандан кийин кызылчадан мурда күздүк жана жаздык дан өсүмдүктөрү, чанактуулар, силоско жүгөрү болушу мүмкүн.

Көп жылдык чөп өсүмдуктөрүн 2-3 жылдан көп пайдаланууга болбойт; чөптөрдөн кийин катары менен 2 жыл күздүк буудай менен, андан кийин бир жыл-кант кызылчасы ээлөөсү керек. Кызылчаны кайра кайтаруу 5-6 жылдан кийин гана болот.

Кыртышты иштетүү

Кыртышты негизги иштетүү кант кызылчасын өстүрүү технологиясынын башкы звенолорунун бири болуп саналат. Булар үчүн операциялардын төмөнкүдөй ырааттуулугу: мурунку өсүмдүктүн түшүмү жыйналгандан кийин жерди айдап жумшартуу, аңызды сугаруу, малалоо же дискалоо, талааны пландаштыруу. Өз убагында жана сапаттуу көтөрүлгөн тоңдурма  айдоолордун булгануусун төмөндөтөт жана отоого кеткен эмгекти азайтат.

                    Жер семирткичтерди колдонуу

Жер семирткичтер кант кызылчасынын жана которуштуруп айдоонун башка өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатуунун кыйла күчтүү факторлорунун бири болуп саналат. Минералдык жер семирткичтер тамыр жемиштердин түшүмүн 100-180ц/га, ал эми кык менен бирге берүүдө 150-250ц/га көтөрөт. Кык жана башка органикалык жер семирткичтер, фосфор, калийди терең тоңдурма айлоодо берилет. Азоттук жер семирткичтеркошумча азыктандыруу катары 150-200ц/га санында берилет жана аларды 1-июлдан кеч эмес убакта бүтүү керек.

Жазгы-жайкы мезгилдеги агро ыкмалар

1.       Себүү 5-6 күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.

2.       Кызылчаны өтө ным, начар иштетилген кыртышка себүүгө жол бербөө керек.

3.       Өсүп чыгууларга чейин диагонал боюнча, агрегаттардын кыймылынын ылдамдыгы 3,5 км/саат болгон жеңил малалар менен малалоо жүргүзүү керек.

4.       Биринчи жуп жалбырактар пайда болгондо тилкелелерде малалоо зарыл.

5.       Чыкканга чейинки жана чыккандан кийинки малалоо 80% отоолорду жок кылат.

6.       Андан аркы багуу кошумча азыктандыруу, сугаруу, суугаруудан кийинки жумшартуулардан, отоодон, кызылчанын зыянкечтери жана илдеттери менен күрөшүү чараларынан турат.

Сугат

             Кант кызылчасынын сугат системасы күзгү-кышкы ным заряддоочу жана вегетациялык сугарууларды камтыйт.

  1. Ным заряддорочу сугаттар күздөн баштап кыртышта нымдын запасын

түзүүнү камсыз кылат жана вегетациялык сугаттын санын 1-2 ге кыскартат. Ным заряддоодо сугат нормасы орточо 1000-1200 м3 /га болот. Жер астындагы суулары жогору болгон тилкелерде, сугат суусунун жер астындагы суулар менен кошулуусун болтурбоо үчүн  норманы кыскартышат.

2. Вегетациялык сугаттар. Вегетациялык сугаттардын саны кыртыштык-климаттык зоналардын табигый шарттары менен шартталган. Ушул факторлорго жараша сугаттардын саны 3 төн 6 га чейин, сугат нормалары 500 дөн 990 м3 /га чейин өзгөрүлөт.

3. Ширин – Суу метод менен сугаруу. Ширин-Суу методу менен сугарууда органикалык жер семирткичтерди пайдалануу. Технологиялык метод төмөнкүдөй: талаанын жанында белгилүү көлөмдө чуңкур казылат, ага: 80% ири мүйүздүү малдын жана 20% куштун чириген кыгы салынат. Чуңкур аркылуу сугат сууну өткөрүшөт, ал талаада андан ары бороздор аркылуу кетет. Талаанын конфигурациясына жана аянтына жараша кык толтурулган бир нече чуңкурларды жасоого болот. Ар бир чуңкурдун жанында дайыма чуңкурдун ичиндеги кыкты аралаштырып туруучу адам нөөмөттө турат. Бул ыкма менен кант кызылчасын, жүгөрүнү, техникалык жана жашылча өсүмдүктөрүн сугаруу сунуш кылынат.       

Кант кызылчасынын зыянкечтери

1.       Кадимки кызылча бүргөчөсү – Chaetocnema concinna March.

Кызылча айдаган бардык жерлерде кызылчанын кыйла маасалык жана кооптуу зыянкечи болуп калууда. Бүргөчөлөр кыштоодон кийин учуп чыгышканда отоолордун (ала бата, чалкан) жалбырактарынын кабыгына тийбестен жумшак ичин жеп тамактанышат. Кызылча өнүп чыккандан баштап (апрелдин 1-2 декадасы) аларга өткөндүгү  байкалат.

Күрөшүү чаралары. Кызылча айдоолрундагы отоолорду жок кылуу жана жанаша жаткан четки тилкелердеги отоо чөптөрдү чабуу. Кызылча чыккан мезгилде 1-3 бүргөчө/м2 санында болсо, пиретроиддердин жана фосфор органикалык бирикмелердин негизиндеги инсектициддерди колдонууга болот.

2. Кадимки кызылча шиш тумшугу- Botynoderes punctivetris Germ.

3.       Сабак жегич шиш тумшук- Lixus sybtilis Sturm.

Зыянкечтердин кыштоолордон чыгышы апрелдин экинчи декадасынан белгиленен. Шиш тумшуктар кызызылчага майдын биринчи декадасынан баштап жайлаша башташат. Кант кызылчасы чыккандан баштап өсмөлөрдү, урук үлүшүнүн жана биринчи чыныгы жалбырактарын жеп активдүү тамактана башташат. Коңуздар кызылчанын өсмөлөрүн жердин үстүндө пайда болгонго чейин эле жок кылышат. Дарыланган үрөндөрдү пайдаланууда зыян келтирүүлөр аз байкалат.

Күрөшүү чаралары. Которуштуруп айдоону сактоо, отоо чөптөр менен күрөшүү. Кант кызылчасынын майсалары пайда болгон мезгилде саны 0,2-0,3 коңуз/м2  болсо, пиретроиддердин жана фосфор органикалык бирикмелердин негизиндеги инсектициддерди колдонууга болот.

4.       Желе кенеси- Tetranychus urticae Koch.

Вегетациялык мезгилдин кургак ысык климаты желе кенесинин санынын өсүшүнө жардам берет. Майдын ортосунда отоолордо колониялар пайда болот. Массалык түрдө жайгашуусу июлдун экинчи декадасында белгиленет.   

Күрөшүү чарлары. Эгерде чараларды, кенелердин самкалар кыштаган отоо чөптөрүн жок кылуу; системалуу «Би-58»,» «Омайт», «Вертимек» препараттарын колдонуу ж.б.  өз убагында көрбөсө кенелердин зыяндуулугу кыйла өсүшү мүмкүн.

Кант кызылчасынын илдеттери

Ак кебер –кант кызылчасынын жалбырактарында  вегетация мезгилинде  ак кебер пайда болгондо Колфуга,  Супер Колор,  Купраксат (жездин сульфаты), Топсин-М сыяктуу фунгициддер менен бүркүү зарыл.

Тамыр чириктер- тамыр жегич, кант кызылчасынын майсаларын үрөндүн өсүшүнөн баштап экинчи жуп жалбырактардын пайда болуусуна чейинки мезгилде жабыркатат. Илдет өзгөчө, дыйканчылык маданияты жетишсиз, сунушталган дозаларда жер семирткичтерди күздөн баштап камсыз кылбаган, кыртыштын күзгү иштетүүсүн,  отоолор жана кыртыштын зыянкечтери менен күрөштү  сапаттуу жүргүзбөгөн  чарбаларды жабыркатат.

Механикалык курамы кыйын болгон кыртыштарда,  майсалар чыккан мезгилде көп жаан жааганда, кыртышта карт пайда болгондо, салкын мезгилдин жылуурак мезгил менен кескин түрдө жана тескерисинче алмашуусунда өзгөчө күчтүү өнүгүүсү көрүнөт.

Фузариоздук күрөң тамыр чириги

Кызылчанын мөмө жемишинде тамыр чириктин пайда болушуна вегетациянын экинчи жарымындагы өтө кургакчылык жана жогорку температура жардам берет. Бул мезгилдеги үзгүлтүктүү сугаттар өсүмдүктөрдүн өнүгүүсүн басаңдатат, бирок тамыр чиригинин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.  

Күрөшүү чаралары: Кант кызылчасынын айдоолорунда агротехникалык иштерди (жаандардан кийин жөөктөрдүн араларын жумшартуу, кыртыштын картын бузуу илдеттердин зыяндуулугун төмөндөтөт жана жазгы маалда кант кызылчасынын майсаларынын өнүгүүсүнө жагымдуу шарт түзөт) өз убагында жүргүзүү өтө маанилүү.

Кызылчанын илдеттерине каршы иш чаралар системасынын милдеттүү түрдөгү элементи болуп кызылчаны башка өсүмдүктөр менен туура алмаштырууну сактоо саналат. Анын алдындагы эн жакшы-өсүмдүктөр күздүк, көп жылдык чөптөр болот. Кызылчанын туруктулуугун жогорулатууда өсүмдүктөрдүн азыктануу режими маанилүү ролду ойнойт. Жер семирткичтердин туура системасы, негизги жер семирткичти терең айдоодо күзүндө жана жөөктөргө жер семирткичтерди жазгы себүүдө  берүү, ошондой эле вегетация мезгилинде кошумча азыктандыруу агротехникалык гана эмес, фитопатологиялык да мааниге ээ. Ошентип, органикалык жана минералдык жер семирткичтердин дозаларын көбөйтүүдө өсүмдүктөрдүн тамыр жегичине туруктуулугу жогорулайт. 

Показать текст
Close