Жаңылык

Малды жасалма жол менен уруктандыруу ыкманы колдонуп, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө болот

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтуна караштуу Биотехнологиялык борбордун илимий кызматкерлери тарабынан Иссык-Көл облусунун бардык районундагы ири мүйүздүү малдарга жогорку сапаттагы алатоо, герефорд, абердин-ангусс, голштино-фриз асыл тукум букалардын уруктарын жасалма жол менен уруктандыруу максатында 108 доз жана индонезиядан келген уруктардан симментал, лимузин, абердин-ангусс жана брахма   30 доз техник-осеменаторлого 2020-жылы апрель айында таркатылып келинди.

Малды жасалма жол менен уруктандыруу ыкмасы малдын тукумдук жана продуктуулук сапаттарын  тез жогорулатууну, асыл тукум малдын санын тез көбөйтүүнү камсыз кылат. Жасалма жол менен уруктандыруу ыкмасы жыныс жолу аркылуу жугуучу ыландардан сактоого жана жайылтпоого кепилдик берет.

Показать текст
Close