ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

БУУ ДАТП КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА ОНЛАЙН АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК КАРТАСЫН ӨТКӨРҮП БЕРДИ

БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өлкө боюнча азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануу кырдаалын картага түшүрүү үчүн уникалдуу онлайн куралын өткөрүп берди. Бүгүнкү өткөрүп берүү аземи, райондук деңгээлдеги азык-түлүк коопсуздугу боюнча иш-чараларды пландаштыруу үчүн маалыматтарды чогултуу, талдоо жана жайылтуу максатындагы эки жылдык өнөктөштүктү жыйынтыктайт.

Онлайн азык-түлүк коопсуздугунун Атласы облустук жана райондук деңгээлде азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн, колдонулушун жана туруктуулугун чыныгы убакытта ар тараптуу талдоону камсыз кылып, улуттук деңгээлдеги саясатчыларга жана жергиликтүү бийлик органдарына азык-түлүк коопсуздугунун кесепеттерин аныктоого жана жеке жооп берүүчү иш-чараларды иштеп чыгууга жардам берет.

«Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун абалын түшүнүү үчүн Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги менен бирге иштешип, биз аялуу топтордун муктаждыктарын жакшыраак аныктап, даректүү жана натыйжалуу колдоо көрсөтө алабыз», — деди Андреа Баньоли, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору.

Онлайн Атлас азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун 70тен ашык көрсөткүчтөрү боюнча айыл чарба өндүрүшүнүн деңгээлинен баштап микроэлементтердин колдонулушуна жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирлерине чейинки көптөгөн маалыматтарды чогултуп, аларды талдайт. Азык-түлүк коопсуздугунун кырдаалындагы аймактык айырмачылыктарды карта түрүндө көргөзүү Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун толук көрүнүшүн түзүүгө жардам берет.

«Чыныгы убакытта азык-түлүк коопсуздугунун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ишенимдүү талдоосу Атласты 2019-2023-жылдарга Улуттук азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасынын алкагында жергиликтүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуунун күчтүү илимий негизделген куралына айландырат», — деди Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев.

Онлайн азык-түлүк коопсуздугунун Атласы — https://agroprod.kg/atlas/ — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн зарыл болгон салмактуу тогуз негизги азык-түлүккө көңүл буруп, райондук деңгээлдеги өндүрүштүн динамикалык анализин көрсөтөт, алардын ичинде: буудай, эт, жумуртка, сүт, картофель, жемиштер, жашылчалар, кант жана өсүмдүк майы. Атлас ошондой эле үй-бүлөнүн кирешеси, азык-түлүккө жеткиликтүүлүк, базарлар, чыгымдар жана жумуш камсыздыгы боюнча маанилүү гендердик маалыматтарды сунуш кылат. Атлас азык-түлүк, тамак-аш керектөө жана климатка байланыштуу маалыматтарды айкалыштырып, азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактанууга байланыштуу кыйынчылыктар жөнүндө ар тараптуу түшүнүк берет жана зарыл болгон саясий чечимдерди жеңилдетет.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы — дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм болуп бүткүл дүйнөдө ачарчылыкка каршы күрөшөт. Өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берет.

Показать текст

Добавить комментарий

Close