Жаңылык

Айыл чарба техникаларынын лизинги боюнча Маалымат

Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектерин техника менен камсыз кылуу максатында министрлик тарабынан демилгеленип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган токтомдордун жана буйруктардын негизинде «Айыл Банк» аркылуу 6 кредиттик лизингдик долбоорлор дыйкандарга кызмат көрсөтүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 4331,5  млн. сомго 3058 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, анын ичинен 2165 даанасы тракторлорду, 126 даанасы комбайндарды, 15 даана кайра иштетүү өнөр жайында колдонулуучу жабдууларды, 86 даанасы атайы техникаларды жана 594 даанасы чиркеме айыл чарба шаймандарын түздү.

2020-жылдын 11-майына карата фермерлерге 345,2 млн. сомго 120 даана айыл чарба техникасы лизингке берилди.

Показать текст
Close