Жаңылык

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарында жана республиканын аймагында жүргүзүлгөн карантиндик фитосанитардык текшерүү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери тарабынан мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарында жана республиканын аймагында карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү жүргүзүп келишет.

2020-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин:

2020-жылдын отчеттук мезгилинде айыл чарба продукциясынын ЭКСПОРТУ – 187502 тонны түздү:

Алардын ичинен январь айында – 30254 т, февраль айында– 29573 т, март айында – 59381т, апрель айында – 68294 т.

Жашылчалар – 50263 т, картошка – 16678 т, жемиштер – 7572 т, кургатылган жемиштер — 23240 т, жангактар – 9158 т, буурчак өсүмдүктөрү – 71884 т, тамак-аш азыктары – 1914 т, техникалык өсүмдүктөр – 5468 т, цитрус өсүмдүктөрү – 870 т.

Ал эми, 2020-жылдын отчеттук мезгилинде айыл чарба продукциясынын ИМПОРТУ – 144531 тоннаны түздү:

Алардын ичинен январь айында – 40090 т, февраль айында – 24323 т, март айында – 32512 т., апрель айында – 47606 т.

Жашылчалар – 14850 т, жемиштер – 15981 т, цитрус өсүмдүктөрү – 5295 т, кургатылган жемиштер – 3298 т, жаңгактар – 11013, тамак-аш азыктары (ун, күрүч, өсүмдүк майы – 52454 т, дан эгиндери – 36109 т.

Товарларды ташып чыгаруу жана ташып кирүүсүн текшерүү менен, продукциялардан үлгүлөрдү алуу, карап чыгуу ташуу шарттары жана сактоо эрежелери ишке ашырылды. Мындан тышкары, экспорттолгон жана импорттолгон продукциялардын маанилүү аспектиси болуп саналган этикеткалоо маркалоо эрежелерин текшерүү жол-жобосу, ошондой эле коштоочу документтердин бар экендигин текшерүү болгон.

Карантиндик фитосанитардык текшерүүнүн натыйжасында Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Бардык экспорттолгон продукциялар даректери боюнча жеткирилген, жүктөрдү кайтаруу катталган эмес.

Показать текст
Close