Министр
Чодуев Эркинбек Урайымович
Өмүр баяны
1963 – жылы Ош облусунда төрөлгөн.
Билими
1987 – жылы Фрунзе политехникалык институтун “Инженер – куруучу” адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.
1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин “Экономист” адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган
2004 — жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин “Юрист” адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.
Эмгек жолу
1987- 1999 – жылдары Трест «Ошстрой» — CМУ-3 мастер кызматында, ошондой эле, Трест «Ошайылкурулуш» СПМК — «Монолитстрой» прораб жана башкы инженер кызматында эмгектенген.
1999 — 2011 – жылдары «Хлопковая Корпорация ЛИМАТЕКСТ» ЖЧК аткаруучу директор, Чийки зат боюнча генералдык директордун орун басары, кийин генералдык директор кызматтарын ээлеген.
2011 -2014 – жылдары «Ак-Текс» ЖЧК директор кызматын ээлеген.
2014 -2019 – жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары кызматына дайындалган.
2019 – жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министри.
Коомдук ишмердүүлүгү
1995 – 2000 – жылдары Кара – Суу районунун Катта — Талдык айылдык кеңешинин депутаты.
2000 — 2005 – жылдары Ош облустук кеңешинин депутаты.
2012 -2014 – жылдары Кара – Суу районунун Катта — Талдык айылдык кеңешинин депутаты.