Жаңылык

2020-жылдын 22-апрелине карата жазгы-талаа иштеринин жүрүшү боюнча маалыматы

Баарыбызга белгилүү болгондой, “жаздын ар бир күнү жылды тойгузат” дегендей,  айыл чарба продукциясынын жогорку түшүмүнүн негизин түптөөдө  өзгөчө орунду жазгы талаа иштерин оптималдуу агротехникалык мөөнөттө бүткөрүү. Бул деген республиканын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин аныктоо болуп эсептелет.

Быйылкы жылы жалпы себүү аянттары 1219,0 миң гектарды түзүп, иштетилбей калган жерлерди 2,3 миң гектардан ашык көбөйүшүү болжолдонууда.

Жаздын эрте келиши айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жазгы талаа иштерин эрте баштоого ыңгайлуу шарт түзүлүп, жер-жерлерде бул компанияны өз убагында уюшкандыкта өткөрүү  жана аны тез арада чечүү  боюнча  штабдар түзүлүп иштеп жатат. Министрликтин жооптуу кызматкерлери региондордо болуп, кээ бир чечилбей жаткан проблемаларды өз убагында чечүүгө  жардам көрсөтүп жатышат.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүнүн  22-апрелге  карата берген ыкчам маалыматтары боюнча  күздүктөрдү азыктандыруу  боюнча тапшырма 94,8 % аткарылып, кошумча азыктандыруу иштери аяктоо алдында турат.

Жер айдоо иштери дагы өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда тез темпте жүрүүдө. Республика боюнча  417,6 миң га жер айдалган, же белгиленгенден 65,8% түзүп, өткөн жылдын деңгээлине караганда 63,8 миң га көп айдалды. Чүй жана Баткен облустары жалпы айдалуучу аянттын 96,6-86,5%, айдап коюушту. Ал эми, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ош облусунун Араван  жана Чүй облусунун Чүй,  Ысык-Ата, Москва  райондорунун дыйкан-фермерлери жазгы айдоо иштерин толугу менен аякташты.

Нарын  облусу жана  бийик тоолуу райондор (Чаткал, Чоң-Алай, Тогуз-Торо жана Жайыл  районунун Суусамыр өрөөнү) май айы ичинде кылкандуу дан эгиндерин себүү иштерин  бүткөрүшөт.

Жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн себүүсү 257,1 миң га жүргүзүлүп, 83,5% түзүп, же былтыркы жылга салыштырмалуу 35,3 миң га көбүрөөк болууда. Жаздык буудай 96,3 миң га, 84,3 % себилди, же былтыркы жылга салыштырмалуу 19,5 миң га көп. Ал  эми  арпа – 160,8 миң га, 83,1 %ке,  же былтыркы жылга караганда 15,8 миң га көп себилди.

Жүгөрү себүү темпи былтыркы жылга салыштырмалуу бир кыйла жогору болду, 43,0 миң га, же 40,2% себилип, былтыркы жылга караганда 11,3 миң га көп болду.

Картошка отургузуу 18,5 миң га жерге жүргүзүлүп, же тапшырманын 26,1 % аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 6,8 миң гектарга көп болууда.

 Май өсүмдүктөрү  12,5 миң гектарга себилип,  тапшырманын  49,1 % аткарылды, бул  өткөн жылдан  1,0 миң гектарга көп болду.  Жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн себүүдө дагы ушундай эле акыбал, 22,4 миң га жана 4,8 миң га жерге себилип, тапшырманын  41,7 % жана  42,6 % аткарылды, өткөн жылдан 4,5 миң га жана 57 гектарга көп болууда.

Андан тышкары төө буурчак себүү 950 га жерде жүргүзүлүп тапшырма  1,5 %  аткарылды жана себүү иштери уланууда.

Кант кызылчасы  7,0 миң га, же 51,5%, мунун ичинен Чүй облусу 6,8  миң га себишти же 52,3% аткарышып кошумча себүү иштери жүрүп жатат. Ал эми Талас облусу  185 га,же 32,1%, аткарышты. Пахта 9,7 миң га же 38,8 % себилди. 

Жалпысынан алганда элдин маанайы жакшы экендигин байкалууда. Учурда дыйкандарыбыз күндү-күн, түндү-түн дебей жазгы айдап себүү иштерине убакытты үнөмдүү пайдаланышып  жатышат. Ал эми жазгы талаа иштеринин кечигишинин негизги себеби аба ырайынын жаанчыл болушу гана дыйкан фермерлердин колун кармап жатканы болууда.

 Мындан тышкары айыл чарбасынын өзгөчүлүгү күтүүсүз проблемалар дайыма бар. Маселен дыйкан-фермелерибиздин табигый кырсыктарынан жабыркабаган бир жыл да боло элек. Алардын белгилүү бир бөлүгү мунун айынан банкрот болуп жатышат. Ошол себептен министрлик бул багытта иш-чарларды иштеп чыгып жатабыз.

Жазгы талаа иштерин өткөрүүгө даярдыктарды көрүү планында негизги чаралар болуп айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздоо жана  себүү кондициясына жеткирүү болуп саналат. Анткени, үрөнчүлүктү өнүктүрүү менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 20% чейин жогорулатса болот.

Бүгүнкү күнгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн менен камсыздалышы буудай-арпа  98,7 пайызга: керектелүүчү 64,1  миң тонна – топтолгону 63,2 миң тонна, чанактуу дан эгиндери жашылча бакча — май өсүмдүктөрү боюнча – 100 пайызга даяр. Ошондой эле 2019-жылы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Суусамырдагы дыйкандарга 150,8 тонна арпа үрөнү кредитке бөлүнүп берилген. Анын 73,8 тонна үрөнү транспорт  менен жеткирилип берилген. Калган 77,0 тоннасы жакынкы күндөрү жеткирилет. Мындан сырткары Суусамыр өрөөнүнүн дыйкандарына 73,0 тонна арпа үрөнү дотациянын негизинде жеңилдетилген баада берилди.

2020-жылдан тартып дотациялоо системасы ишке киргизилип,  дыйкан-фермерлер үрөн чарбаларынан сертификацияланган үрөндү базар наркынан 30 пайыз арзан баада сатып алып жатышат.

Үрөндөрдү дотациялоо системасы, дыйканчылык тармагына жогорку түшүмдүү жаңы сортторду киргизүү мүмкүнчүлүгүн берип, жыйынтыгындатүшүмдүүлүк 5-10 % чейин өсүшү болжолдонууда.

 Акырындык менен, бул система агрардык тармактын өнүгүшүнө түрткү берген жана дыйкан фермерлерге берилен мамлекеттик жардам катары агрардык саясаттын ийкемдуу багытына айланышы керек. Мындан тышкары, бул система ата-мекендик үрөнчүлүк чарбаларды колдоого мүмкүндүк берип өндүрүлгөн үрөндүрдүн сатуулуусун кепилдейт жана сатуу тармагынын кеңейиши менен, материалдык-техникалык базалардын жаңырышына шарт түзөт. Биз үрөн өндүрүшүн модернизациялоого чоң маани беребиз, себеби үрөнчүлүк — азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылуудагы өзөгүн түзөт.

Деги эле реепубликабыздагы акыркы жылдагы аномалдуу аба-ырайынын өзгөрүшүнөн министрликтин адистери дыйкандарыбызга вегетациялык мөөнөттөрү кыска жана кургакчылыкка чыдамдуу буудай, арпалардын сортторун сунуштап жатышат. Айтсак, быйылкы жылдын талабына керектүү жергиликтүү селекциядагы вегетациялык мөөнөтү кыска күндү түзгөн буудайдын сорттору — Дордой 16,  Данк, Касиет, Аракет, Жаным, Влада; арпанын – Мамлюк, Ростик, Нарын 27, Гетман, Вакула, вегетациялык мөөнөтү кыска. Аба-ырайынын өзгөчө шарттарында бул сортторду колдонуу менен дандын туруктуу түшүмүн алса болот.

Мындан тышкары  айыл чарба техникалары, ,күйүүчү-майлоочу материалдар,минералдык жер семирткичтер жана пестициддер менен камсыз кылууда, өзгөчө көңүл бөлүндү.

Акыркы 7 жылдын ичинде республиканын дыйкан жана фермерлери«Айыл-Банк» ачык акционердик коому аркылуу узак мөөнөт менен лизингке 3,0 миңден ашуун даана тракторлор, дан оруп жыйноочу комбайндар жана башка айыл чарба техникаларын сатып алышкан. Мунун ичинен  2020-жылы  107 даана айыл чарба техникалары  алынган.

Жеңилдетилген  кредит. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын  14-февралындагы № 81 токтому менен бекитилген «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоорунун алкагында «Айыл-Банк» ААК, РСК-Банк жана башка республиканын коммерциялык банктары аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө акчалай кредит берилүүдө.

2020-жылдын 20-апрелине карата  жалпы баардыгы болуп 3 категория боюнча 1036,8 млн. сомго 1776 насыя берилди. Анын ичинен:

1.  АЧК-Фермер категориясы боюнча жалпы 668,7 млн. сомго 1737  насыя берилди, мунун ичинен:

 Өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагына –129,4 млн. сомго  367 насыя, мал чарбачылык тармагына –539,3 млн. сомго  1370 насыя берилди.

2. АЧК-Кластер категориясы боюнча жалпы 54,3 млн. сомго 24 насыя берилди.

3. Кайра иштетүү ишканаларына жалпы 313,8 млн. сомго 15 насыя берилди, мунун ичинен:

тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына жалпы 83,8 млн. сомго 10 насыя;

— данды жана азык-түлүк буудайын кайра иштетүүчү ишканаларына жалпы 230,0 млн. сомго 5 насыя берилди,

Ал эми минералдык жер семирткич боюнча бүгүнкү күнгө 82,0 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар. Анын чичинен:  аммиак селитрасы – 71,0 миң тонна; — фосфордук – 10,9 миң тонна;- калийдик – 0,127 миң тонна Минералдык жер семирткичтерди сатуу боюнча  74 соода точкалары иштеп жатат.

Жер семирткичтердин негизги түрлөрүнүн баалары

Долларынын түшүшүнө байланыштуу, 20.04.2020-ж. карата жер семирткичтерге болгон жеткирүүчүлөрдүн дүң жана чекене баалары өткөн жуманын көрсөткүчтөрүнө караганда 2 сом/кг төмөндөдү.

Жүктүк автотранспорт кыймылына уруксат берилиши менен, региондорго жер семирткичтерди жеткирүүлөргө байланыштуу жагдайдын жакшырышы тууралуу жеткирүүчүлөр маалымдашты.

Улуттук банктын жетекчилиги “Мол-Булак” МНК менен иштешүүнү калыбына келтирди. Анын резервинде, айыл калкынын аз камсыздалган катмарын товардык насыялоого арналган 12,0 миң тонна азоттук жер семирткичи бар. “Мол-Булак” МНК иштөөсүнүн калыбына келиши фермерлерди, арзан бааларда: — аммиак селитрасы  — 17,5 сом/кг; карбамид -19,0 сом/кг, аммофос -27,0 сом/кг, суперфосфат -11,5 сом/кг  жер семирткичтер менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 

Урматтуу журналистер, бүгүнкү күндөгү Коронавирустук пандемия, Өкмөттүн алдына өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселесин койду. Жазгы талаа жумуштарынын баштапкы баскычында өлкөнүн ар кайсы аймактарында киргизилген өзгөчө кырдаал, техникалардын жүрүшүнө, үрөндөрдү, жер семирткичтерди жана айыл чарба техника тетиктеринин сатуу түйүндөрүнүн ишинде анын ичинде биздин дыйкан фермерлерге кыйынчылыктарды жараткан. Ошондуктан республикабыздын аймагындагы кээ бир өзгөчө абал киргизилген аймактарда абалды  жакшыртуу  чараларын көрүү боюнча Президентибиз тарабынан мамлекеттик органдарды  жергиликтүү органдар биргегикте иш алып барууну күчөтүүнү таппшырган.

Азыркы жаралган  кырдаалда, айтылган тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн биринчи кезекте өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу чоң мааниге ээ болгондуктан,  агрардык тармактагы кырдаалды турукташтыруу жагында Кыргыз Республикаснын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан кризиске каршы чаралар, ыкчам жана орто мөөнөттөгү пландаштырууга багытталган .

  Бул максатта жазгы талаа иштерин өз убагында жүрүшүндө  дыйкан  фермерлердин  үрөн, күйүүчү майлоочу майлар, жер семирткичтер, пестициддер жана айыл чарба техникаларынын тетиктеринин запастык бөлүктөрү камсыз болушуна жана аларды ташуудагы тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү катуу көзөмөлгө алуу менен аларды чечип берүүгө көмөк көрсөтүп жатабыз.

Кризистик шартта өлкөнү нан азык-түлүгү менен камсыз кылуу маселеси башкы орунга чыкты. Кыргызстан-айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү үчүн, жер аянты чектелген мамлекет. Ошондуктан, бул көйгөйдү чечүү үчүн төмөндөгүдөй иш-чаралар жүргүзүү пландалган:

Биринчиден, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кризиске каршы бекитилген иш-планына ылайык, күзгү буудайдын эсебинен, 2021-жылы буудай аянтын 300,0 миң га чейин көбөйтүү максатында айдоо аянттарынын түзүмү кайра карап чыгылат. Анткени күздүк буудай, жаздык буудайга салыштырмалуу жогорку түшүмгө жана жакшы сапатка ээ, ошондой эле, күзүндө кеч себилген күндө дагы өзүнүн биологиялык түшүмдүүлүгүн жоготпойт. Ушуга байланыштуу, быйылкы күзгү себүүнүн аянтын 220,0 миң га чейин кеңейтүүнү пландап жатабыз. Жыйынтыгында жазгы себүүнүн аянтын кошо эсептегенде, келерки жылы 300,0 миң га аянтка кеңейтилет. Күздүк буудайдын аянтын кеңейтүү менен жогорку түшүмдүүлүктүү буудайдын-двуручка жаңы сорттору пайдаланылат.

Бул коюлган талапка ылайык, алынган түшүмдүн көлөмүн гана көбөйтпөстөн, анын сапатын жогорулатуу максатында иш-чаралар жүргүзүлөт. Бул иш-чараларда жергиликтүү дыйкан фермерлердин жогорку жана сапаттуу түшүм алуу үчүн сертификатталган үрөндөрдү себүүгө багыттоо иштери жүрөт.

Дагы бир иш-чара борборлоштурулган окутуу системасын өнүктүрүү. Бул майда дыйкандарга айыл чарба өндүрүшү боюнча технологияларды, билимдерди, тажрыйбаларды өткөрүп берүү боюнча бирдиктүү системаны түзүү болуп эсептелет.

Фермерлерге билим берүүдө негизги максаттарга ар кандай уюмдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан окутуу иш-чараларын бириктип, иретке келтирип бирдиктүү системаны түзүү максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы тарабынан сунушталаган моделди колдонуу боюнча биргеликте иш алып баруууну пландап жатабыз. Аталган модель боюнча КР Өкмөтүнө сунуш бердик. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргызстанда айыл чарба тармагын каржылаган көптөгөн донордук уюмдар иштешет. Чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүзгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазыбыз.

Республикада айыл чарба өсүмдүктөрү ар бир регион боюнча адистештирилген. Тренингдик окутуу иш-чараларынын саны жана алардын аймактарда катышкан кишилердин саны өсүүдө. Жыл  сайын, керектүү маалыматы өз убагында жеткирип туруу зарылдыгы келип чыгууда. Ошондуктан, дыйкан фермерлерге үрөн жана жер семирткичтер, техникалык жабдуулар жана күйүүчү май менен гана эмес, керектүү маалымат жана пайдалуу ыкмаларды колдонууну да камсыз кылуу жаатында чоң секирик жасоого убакыт келди.

Биз өнөктөштөр менен биргеликте ар бир аймактын адистешүүсүнө ылайык, дыйкан фермерлерге билим берүү жаатында бирдиктүү мамилени, саясатты жана ченемдик укуктук база тармагында биргеликте тыгыз иштеп жатабыз.

Министрлик жогоруда көрсөтүлгөн бардык багыттарда жигердүү иш жүргүзөт. Бул көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн гана эмес, айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтууга да бекем фундамент болот деп ишенем.

Показать текст
Close