Жаңылык

Борбордук Азиянын айыл чарба министрлери пандемияга каршы күрөшүү аракеттери менен бөлүшүп, азык-түлүк коопсуздугу саясатты боюнча иш жүргүзүштү

2020-жылдын 19-майында Анкара, Турция — Дүйнө жүзү боюнча COVID-19 пандемиясынын күчөшү менен, азык-түлүктү жана айыл чарба секторлорун коопсуздугун камсыздоо ар бир өлкөнун олуттуу көйгөйлөрүнө айланууда. Бул максатка жетүүдө тажрыйба алмашуу жана саясий иш-аракеттерди координациялоо маанилүү блок болуп эсептелет.

Дал ушул себептен, кийинки Регионалдык Европа конференциясы өткөрүлө турган Өзбекстан менен бирге ФАО уйуму Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) айыл чарба министрлеринин тегерек стол өткөрүү үчүн чогултушту. Азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча виртуалдык жолугушуу COVID-19 пандемиясы учурунда өз-ара казматташуу жана диалогту түзүүгө багытталган. Аларга кошумча ФАО, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы, Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктын эксперттери да катышты.

«Катаал обочолонуу/изоляция чаралары, соода тоскоолдуктары жана башка факторлор айыл чарбасына терс таасирин тийгизип, керектөөчүлөрдүн азык-түлүкө жеткиликтүүлүгүн чектеп, ошондой эле жеке жолугушууларга жана эл аралык конференцияларга катышуу, жол жүрүү чектөөлөрүнөн улам мүмкүн болбой калгандыктан, мындай форумду өткөрүү так өз убагында зарыл болгон» — деди Владимир Олегович, ФАОнун башкы директорунун орун басары жана регионалдык өкүлү.

Жакында ФАО өзүнүн регионалдык бюллетенинде азык-түлүк рыноктурундагы жагдай жана  COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү саясаты тууралуу белгилеп кеткендей,  негизги азык-түлүк товарларын, анын ичинде буудайды жеткирүү Европа, Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана дунөнун башка бурчарында да туруктуу бойдон калуудаа. Бирок, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жумшартуунун натыйжасында, бир катар өлкөлөрдө логистика жаатында үзгүлтүктөр орун алып, азык-түлүктү бөлүштүрүудө   жана айыл чарба өндүрүшүнө тоскоолдуктар жараткан.

Ушул максатта айыл чарба жана азык-түлүк маселелерине жооптуу министрлери учурдагы кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча саясатты, иш-аракеттерди жана пландарды иштеп чыгуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле, улуттук демилгелер жана азык-түлүк тармагындагы үзгүлтүккө жол бербөө чаралары талкууланды. Мунун баары кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын аныктоого негиз түзөт.

«Кырдаал күч алгандан тартып, ФАО өлкөлөрдү калктын аярлуу катмарларынын азык-түлүк коопсуздугун коргоого, кичи жана орто фермерлерге жана агрардык азык-түлүк менен алектенгендерге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн фермердик чарбалардын айыл чарба өндүрүшүн колдоого жана азык-түлүктү жеткирүү түйүндөрүн кармап турууга жардам берди.  Борбордук Азиянын ар бир өлкөсүндөгү кырдаалды жакшыраак түшүнүү ФАОго жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөргө, улуттук чечим кабыл алуучуларга бул маселенин чечимине жетүүгө өбөлгө түзөт «, — деп кошумчалады Рахманин.

Келечекте мындай маалымат алмашууну улантуу идеялары жок эмес. Ал өз кезегинде, пандемиянын азык-түлүк коопсуздугуна жана айыл чарбасына тийгизген таасирин азайтуу максатында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз убагында жана натыйжалуу кызматташуусун шарттайт.

Показать текст
Close