Жаңылык

2020-жылдын жаңы түшүмү базарларда сатууга чыга баштады

Араван районунун дыйкандары 2020-жылдын түшүмдөрүн базарларга алып чыгып сата баштады. Алгачкы түшүмдөрү бул чеснок жана көк пияз өсүмдүктөрү. Жергиликтүү базарларда бир боосу 10-15 сомдон сатылып жатат. 1-апрелден баштап Ош-Бишкек шаарларынын  базарларына жеткирилип сатыла турганы айтылууда.

          2020-жылдын февраль айында отургузулган картошкалар учурда биринчи чабыктан чыгарылып жер бетинен көтөрүлүп, кошумча азыктандырылып жатат. Адистердин эсеби боюнча май айынын 2-декадасында алгачкы түшүмү базарларда сатыла баштайт. Ал эми пияздын 2019-жылдын август – сентябрь айларында себилгендеринин түшүмү май айынын башынан баштап базарларда сатылат.

          Араван району боюнча быйылкы жылы 1650 га жерге картошка отургузулуп,  90 га күздүк пияз жана чеснок себилген. 

Показать текст
Close