ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

2020-жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыюуунун жүрүшү жана күздүк айдап себүү иштерине даярдык көрүү тууралуу маалымат

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2020-жылы жалпы айдоо аянты 1223,6 миң га түзүп, өткөн жылдан 6,9 миң га көп болду.    Пайдаланылбаган  айдоо жерлердин аянты 56,6 миң га түзүп, өткөн жылга салыштырганда 6,7 миң га азайды.

— 2015-жылы-90,0 миң болсо, 2016-жылы-81,9 миң га, 2017-жылы 74,8 миң га, 2018-жылы 67,3 миң га жана 2019-жылы 63,3 миң га түзгөн.

Быйылкы жылы айылдык товар өндүрүүчүлөр үрөн менен жетиштүү камсыз болушту. Ошондой эле минералдык жер семирткичтер, химикаттар, биологиялык препараттар  менен камсыз болуп турулду. Дизельдик отун майлоочу майлар жана айыл чарба техникалар  менен камсыздоодо да көйгөйлөр болгон жок.

Оруп жыйноого комбайндардын   85-90 %  катышып, республика боюнча ар бир комбайнга болгон  нагрузка   орточо 213 гектарды түзөт.

Дыйкандар 1,0 га жердеги буудай, арпаны  оруп берүүгө түштүк облустарда- 3000-4000 сомдон,  түндүк облустарда 1300 -2500 сомдон акы төлөп  жатышат. 

Айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери үчүн керектелүүчү — 33,8 миң тонна дизелдик отундун 100,0 % ташылып келинди. Дизелдик отундун 1 литрине  болгон орточо баасы- 32,0-34,0 сом болууда. Бул өткөн жылдан 5-6 сомго төмөн болду.  Кол койулган өз ара түшүнүү Келишимине ылайык, Нефтетрейдер Ассоциациясынын дизелдик отунду камсыздоо, жана баанын жогорулашына жол бербөө  боюнча иш жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы толук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн ыкчам маалыматы боюнча, республиканын түштүк облустарында өстүрүлгөн кылкандуу дан өсүмдүктөрү толук оруп жыйналып бүттүнүн алдында тура. Чүй облусунда буудай жыйноо иштери толук аяктады, ал эми Баткен облусунда арпа жыйноо иштери толук аяктады.

Жалпы республика боюнча кылкандуу дан эгиндер 452,7 миң га аянтта же 97,0 % жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу 21,2 миң га көп жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 26,0 ц/га болуп, 2019-жылдын көрсөткүчүнөн 1,1 ц/га көп болду. Жалпы дүң дыйым бункердик салмакта 1041 миң тоннаны түзүп, ошондой эле 2019-жылдан 100,0 миң тоннага көп жыйналды.

Буудай

Республика боюнча буудай жыйноо иштери Нарын облусунан башка  дыйканчылык зонадагы райондордо толук жыйналып бүттү. Ош облусунун Чоң-Алай райондорунда оруп жыйноо иштери уланууда.

Республика боюнча буудай даны 254,4 миң га оруп жыйналды (84,1%), оруп жыйноо аянты 2019- жылдын ушул мезгилине карата 14,4 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 27,2 ц/га болуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 0,7 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 668,5 миң тоннаны түзүп, 2019-жылга караганда 54,9 миң тоннага көп топтолду.

Облустардын ичинен жогорку түшүмдүүлүк Талас облусунда   орточо 32,5 центнерден түшүм алынды.

Арпа

Республика боюнча 207,3 миң га аянтта жыйналып алынды, же жыйналуучу аянтка карата 94,4 % түздү же 2019-жылга карата 6,7 миң га көп.  Орточо түшүмдүүлүк  24,6 ц/га,  өткөн жылга карата 1,5 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 511,1 миң тоннаны түздү, же өткөн жылга карата 47,1 миң тонна көп топтолду. 

Республиканын облустарынын ичинен эң жогору түшүмдүүлүккө Чүй облусу жетишип, ар бир гектарынан орточо 27,0 ц/га түшүм алышты.

Жүгөрүнүн даны

Республика боюнча 52,5 миң га аянт жыйналып алынды, же  жыйналуучу аянтка карата  50,2% түзүп, 2019-жылга карата 3,9 миң га көп жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк  66,6 ц/га,  өткөн жылга карата 2,5 ц/га көп. Дүң жыйым 339,0 миң тоннаны түздү, өткөн жылга карата 28,2 миң тоннага көп жыйналды.

Түшүмдүүлүк боюнча жакшы көрсөткүч Талас облусунда, ар бир гектарынан 68,2 ц/га, же өткөн жылга карата 1,0 ц/га көп алынды.

Чанактуу өсүмдүктөр

Республика боюнча 43,1 миң га аянт жыйналып алынды, же жыйналуучу аянтка карата 3,9 % түздү же өткөн жылга карата 18,5 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк  18,5 ц/га болду.  Дүң жыйым 79,8 миң тоннаны түздү.

Май өсүмдүгү

Отчеттук мезгиле карата республика боюнча 9,6 миң га аянт же 48,8%, жыйналып алынды, Орточо түшүмдүүлүк  15,4 ц/га,  өткөн жылга карата 1,4 ц/га көп. Дүң жыйым 14,7 миң тоннаны түздү.

Картошка

Картошка казуу иштери — 41,6 миң га аянтта жүргүзүлдү же жалпы аянтка карата 32,2 % түздү жана  2019-жылы ушул мезгилде 32,1 миң га жыйналган. Орточо түшүмдүүлүк  171,8 ц/га,  өткөн жылга карата ,9 ц/га көп. Дүң жыйым 412,6 миң тоннаны түздү, өткөн жылга карата 64,4 миң тонна көп.

Республиканын баардык облустарында жашылча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жүрүп жатат.

2020-жылдын 25-сентябрына карата 883,7 миң тонна жашылча жыйналды, же  өткөн жылга карата 125,2 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүгү республика боюнча 247,0 миң тонна жыйналды, өткөн жылга карата 18,1   миң тонна көп.

Облустардын ичинен эң жакшы көрсөткүч Жалал-Абад облусунда болуп, 248,1 миң тонна жашылча жыйнашты жана өткөн жылга салыштырмалуу 4,0 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүктөрү да  99,7 миң тонна жыйналып, ошондой эле  өткөн жылдан 3,0 миң тоннага көп.

Пахта

Отчеттук датага 30,0 миң тонна пахтанын-буласы жыйналды, же өткөн жылга карата  0,1 миң тоннага көп.

Тамеки

Республика боюнча  1,31 миң. тонна тамекинин-жалбырагы жыйналды, же өткөн жылдан 0,21 тыс. тоннага көп болууда. Быйылкы жылы тамекинин себүү аянтты  болгону 0,36 миң га болду.

Показать текст

Добавить комментарий

Close