ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Министр Чодуев «Рокосан» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

2020-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде министр Э.У.Чодуевдун жана Словакия Республикасынын «Рокосан» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө, Словакия Республикасынын «Рокосан» ЖЧКсы менен айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө түзүлгөн Меморандумдун алкагында биологиялык продуктуларды жана жер семирткичтерди сыноо боюнча маселелер талкууланды. Бул Меморандумдун максаты — илимий-техникалык жааттагы кызматташтык, республиканын аймагында өндүрүштү андан ары локалдаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында «Рокосан» ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн биологиялык продуктуларды жана био жер семирткичтерди сыноо.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жөнүндө макулдашышты.

Показать текст
Close