Жаңылык

Ветеринардык дары-дармек сертификаттоо борбору сунуштайт…

Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо Борборунун (мындан ары Борбор) 2020-жылдын 1- сентябрынан 8- сентябрына чейин сертификаттоого 2 аталышта ветеринардык дары келди жана шайкештик сертификаты берилди: Мазь Ихтиоловая 10%, Бицыновет 3.

Мазь Ихтиоловая 10%— антисептика жана шишике каршы таасирин жакшы берет, организмдеги сасуддардын тонус процессин жөнгө салат, кан айланууну жакшыртат. Организмдеги алмашуу процесстерин жакшыртат.

Тери ооруларына (күйүкө, жараатка, экземага, дерматитке, фрункулезго, пиодерминге) жана ошондой эле миозиот, артрит, бурсит, тенденит, туяк ооруларына (туяк алдындагы жараатына, тери алдындагы ириӊге ж.б) каршы колдонулат.

Бицыновет 3- антибиотик, пенициллин группасына кирет, Организмдеги бактерияларга жакшы таасирин берет.  Бицыновет 3 грамположительный микроорганизмдерге жакшы таасирин берет Streptococcus pneumoniaе, Streptococcus spp., Staphylococcus spр, Clostridium spp., Peptostreptococcus spp., спирохетам. Бицыновет 3 вирустарга таарсири жок мындайча айтканда грамотрицательный микроорганизмдерге Pasteurella multocida, H. Dugreyi, Neisseria spp.

Бодо малдарды, ат, кой, эчки, ит, чочко, түлкү, норка малдарын даарылоо үчүн колдонулат.

Стахиоботриотоксикоз, стоматит, пневмония, некробактериоз, аттардын сакоосу, чума (ит, жапайы жандыктар), желин сезгенүүсүнө, отит, актиномикоз, ринит, метрит, флегмона, рожа (чочко), пастереллез, септицемия, стрептококковая септицемия (эчки, кой, бодо малдарга), стафилококкоз, кара санга, стрептококкоз сийдик бөлүп чыгаруу система ооруларын дарылооодо колдонулат ж.б.

Ветеринардык даарыларды колдонуунун алдында ветеринар врачка кайрылып, көрсөтмөсү боюнча колдонуӊуздар. Борбор мамлекеттик каттоодон өткөн жана шайкештик сертификаты бар ветеринардык дары-дармек каражаттарын колдонууну сунуштайт. 

Показать текст

Добавить комментарий

Close