Жаңылык

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө 2020 жылдын 10- апрелине карата маалымат

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралында кабыл алынган  № 36 буйругуна  ылайык, жазгы себүү иштерин өткөрүүгө облус, райондордогу түзүлгөн штабдар тарабынан  зарыл чаралар көрүлүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмү жана адисдештирүү боюнча жер-жерлерде окутуу-семинарлар өткөрүлдү.

Бул компаниянын жүрүшү Министрликтин жооптуу кызматкерлери региондорго бекитилип,   чечилбей жаткан проблемаларды өз убагында чечүүгө  жардам көрсөтүлүп жатат.

2020-жылдын түшүмү үчүн —141,5 миң гектар жерге күздүк буудай, 12,6 миң гектарга арпа себилген.

Жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1219 миң га, же өткөн жылга салыштырганда 2,3 миң га көп болжолдонууда. Пайдаланылбаган 63,3 миң га айдоо аянтын 59 миң га чейин, же 4,3 миң га азайтылат.

Жалпы себүү аянттарын үчкө бөлүп  карасак:

I бөлүгүндө — 141,1 миң га күздүк эгилген;

II бөлүгүндө — 332,9 миң га өткөн жылдагы көп жылдык чөптөр түзөт;

III бөлүгүндө — 745 миң га жерге жазгы айдоо себүү жумуштары жүргүзүлөт.

Жазгы талаа иштерин өткөрүүгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн себүү кондициясына 84 % жеткирилет.

Бүгүнкү күнгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн менен камсыздалышы буудай-арпа  менен 95,0 пайызга камсыз болду.

2020-жылдан тартып дотациялоо системасы ишке киргизилип,  дыйкан-фермерлер үрөн чарбаларынан сертификацияланган үрөндү базар наркынан 30 пайыз арзан баада сатып алып жатышат. Жыйынтыгындатүшүмдүүлүк 5-10 % чейин өсүшү болжолдонууда.

Ошондой эле 2019-жылы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Суусамырдагы дыйкандарга 73 тонна арпа үрөнү жеткирилип берилди.

Ал эми минералдык жер семирткич боюнча бүгүнкү күнгө 78,0 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар. Учурда доллардын өсүшүнөн минералдык жер семирткичке болгон эки сомдон төрт сомго чейин кымбаттады.

Аммиак селитрасынын орточо баасы 19,5-21,0 сом, карбамид – 20-22 сом жана Аммофос 28-30 сомду түзөт (минералдык жер семиркичтердин аймактар боюнча көлөмүнүн жана бааларынын  тиркемеси тиркелет). Минералдык жер семирткичтерди сатуу боюнча                          74 соода точкалары иштеп жатат.

Ал эми 2020-жылга карата чегиртке боюнча божомол менен 120 миң га жерде химиялык иштетүүлөр жүрөт.

Жазгы талаачылык иштерине 40,6 миң тонна дизелдик отун талап (35,4 миң тонна бар) кылынат, анын 87,2 пайызы камсыз болду. Дизелдик отундун баасы литри 43,5 сомду түзүүдө.

Айыл чарба техникаларынын ремонту боюнча бардык облустарында тракторлорду, себүүчү жана жер иштетүүчү айыл чарба техникалардын ремонту  88% түзөт, кээ бир аймактарда 90% болду. Машина-трактордук парктарды (МТС) жаңылоо максатында быйыл 250 даана айыл чарба техникалар берилет. Бүгүнкү күнгө  анын 107 даанасы берилди.

Мындан сырткары МТСтерди түзүү колго алынып, бүгүнкү күнү муниципалдык жана жеке болуп, баардыгы 90 МТС түзүлдү. Быйыл да, 10 машина трактордук станциясы (МТС) уюштурулат.

Жеңилдетилген  кредит. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын  14-февралындагы № 81 токтому менен бекитилген «Айыл чарбасын каржылоо-6» долбоорунун алкагында «Айыл-Банк» ААК, РСК-Банк жана башка республиканын коммерциялык банктары аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө акчалай кредит берилүүдө.

2020-жылдын 6-апрелине карата жалпы 525,0 млн. сомго  жеңилдетилген насыя берилген, анын ичинен «Айыл-Банк» ААК аркылуу-272,5 млн.сом, РСК-Банк аркылуу 252,5 млн. сомг кредит берилди.

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү. Быйыл жазгы-талаа иштери былтыркы жылга караганда эки жумага  эрте башталып, республиканын бардык облустарынын айыл чарба субьектилеринде жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү отчеттук күнгө карата жакшы темпте өтүүдө.

Күзгү кылкандуу дан эгиндеринин  88,5 миң га жер аянттары азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылган, же белгиленген тапшырма 92,0 %, аткарылды.

Жер айдоо иштери дагы өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда алдыда жүрүүдө, республика боюнча  330,4 миң га жер айдалган, белгиленгендин 52,1 % түзөт, же өткөн жылдын деңгээлине караганда 47,7 миң га көп болду.

Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү былтыркы жылга салыштырмалуу жогорку темпте жүрүүдө. Республика боюнча  203,2 миң га себилип, тапшырма 66,0 % аткарылып,  2019-жылга караганда  27,7 миң га көп эгилди.

Алардын ичинен жазгы буудай- белгиленген 114,3 миң га  68,7 миң га аянтына себилип,  тапшырма 59,7 %, аткарылып, же өткөн жылга караганда 16,8 миң га көп себилген.

Жазгы арпа боюнча жалпы 193,4 миң га тапшырманын 134,9 миң га себилип,  тапшырма – 69,7 % аткарылып, өткөн жылга караганда  10,9 миң га көп.

Ошондой эле, картөшкөнү отургузуу 10,0 миң га  жүргүзүлдү, же  тапшырма  14,0 % түзүп, 2019-жылга караганда 2,9 миң га көп.

Жашылча-12,0 миң га жерге себилип,  тапшырма  22,3 % аткарылып, өткөн жылга караганда 2,2 миң га көп отургузулду.

Кант кызылчасы-4,9 миң га отургузулуп, тапшырма 35,8 % аткарылды. Ал эми, май өсүмдүктөрү болсо 8,0 миң га эгилип, тапшырма 31,5 % аткарылып, өткөн жылдан 3,3 миң га көп..

Бакча өсүмдүктөрү – 1,5 миң га  эгилип, тапшырма 13.3 % аткарылды.

Чанактуу өсүмдүктөр-430,0 га жергесебилип, тапшырма 0,7 % аткарылды.

Жүгөрү – 20,9 миң га жерге себилип, тапшырма 11,7% аткарылып,  2019-жылдан 9,3 миң га көп болду.

Пахта Жалал-Абад, Ош  облустарында 3,8 миң га себилип,  өткөн жылдан 800 га көп.

Показать текст
Close