Министрдин орун басарлары

Керималиев Жаныбек Калканович


Министрдин орун басары

Өмүр баяны

1966 – жылы  Ат – Башы районунун , Ат – Башы айылында  төрөлгөн.

Билими

1991-жылы  Башкир айыл чарба институтунун зооинженер факультетин(Уфа шаары).

1999 – жылы  Кыргыз агрардык академиясынын  ветеринардык медицина факультетин аяктаган.

Илимий даражасы

Ветеринардык илимдердин доктору, профессордун м.а. ( 2014 – жылдан тарта).

Эмгек жолу

1991-1994 – жылдары Бал челекчилик боюнча “Кыргызпчелообьединение”  республикалык илимий-өндүрүштүк уюмуна өндүрүштүк бөлүмдүн жетектөөчү адиси кызматын ээлеген.

1994 – 1995 – жылдары  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин “Кыргызпчелообьединение”  бөлүмүндө бөлүм башчы кызматында эмгектенген.

1995 — 2010-жылдары “Кыргызпчелообьединение”  “Уюк” өндүрүш – илимий акционердик коомунун генералдык директору кызматына дайындалган.

2010 – жылдын 19 – февралынан  2010 – жылдын 19 – апрелине чейин  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Мал чарба жана ветеринарияны өнүктүрүү башкармалыгында башкы адис  кызматын ээлеген.

2010 – жылдын 19 – апрелинен 2013 – жылдын 13 – июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Административдик колдоо башкармалыгынын башчысы – аппарат жетекчиси кызматында эмгектенген.

2013-жылдын 13 – июлунан  бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары кызматын аркалап келет.

Close