Жаңылык

Кыргыз Республикасында зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча маалымат

Жыл сайын республика боюнча зыяндуу чегирткелер айыл чарбасына, экономикага, ошондой эле республикасынын азык-түлүк коопсуздугуна потенциалдуу коркунуч жаратууда.

Зыяндуу чегирткелердин негизги тарыхый ареалдары Фергана өрөөнүндө — үч республиканын — Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чектешкен аймактарда, ошондой эле Чүй жана Талас облустарында – Казакстан менен чектеш райондордо таркалып, зыяндуу чегирткелердин массалык чыгуу учурунда өзгөчө кырдаалдар жаралып, чектеш өлкөлөрдүн аймагына массалык түрдө учуп өтүүсү менен коштолот.

Белгилей кетсек, азыркы учурда коңшу өлкөлөрдөгү (Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан) жана региондордогу (Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Аравия жарым аралынын, Индия, Пакистан, Иран) зыяндуу чегирткелердин массалык түрдө таралуусуна байланыштуу жаралган абал — биздин өлкөбүздүн аймагына да учуп келүүсү менен айыл чарбасына зыян келтирүүсү мүмкүн.

Зыяндуу чегирткелердин акыркы жылдардагы массалык таралуусунун себептери болуп, айдоо жерлердин кыскарышы, чегиртке чыккан жерлердин (д. д. 2000 м) бийик аймактарда катталуусу (мындай көрүнүш окумуштуулар тарабынан климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө байланыштырууда), жана тоолуу рельефке байланыштуу жетүү татаалдыгы болууда.

Окумуштуулардын зыяндуу чегирткелерди жана алардын чыгуусун изилдөөлөрүнүн тастыктоолоруна карабастан, 2013-жылдан бери зыяндуу чегирткенин массалык чыгуусу жыл сайын өнөкөткө айланды.

Республика боюнча 2013-ж. — 53,7 миң га, 2014-ж. — 61,0 миң га, 2015-ж. — 59,6 миң га, 2016-ж. — 59,9 миң га, 2017-ж. — 106,9 миң га, 2018-ж. — 146,0 миң га, 2019-ж. — 114,5 миң га жер аянт чегирткеге каршы химиялык жол менен иштетилди.

2020-жылы зыяндуу чегирткеге каршы күрөшүү боюнча маалымат.

Кыргызстанда 2020-жылы зыяндуу чегирткелер алдын ала 120,0 миң га аянтта чыгуусу күтүлгөн.

Зыяндуу чегирткелердин личинкаларынын алгачкы чыгуусу Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2020-жылдын 7-апрели күнү катталган.

2020-жылдын 20-апрелинде Баткен облусунда (Лейлек районунун Кулунда а. ө.) катталган.

2020-жылдын 24-апрели күнү Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылында зыяндуу чегирткелердин личинкаларынын чыгуусу аныкталган.

2020-жылдын 1-июнуна карата республика боюнча 22910 га аянт изилденип, анын ичинен 15 867 га аянтта зыянкеч табылган (анын ичинде Баткен облусунда — 9750 га, Ош облусунда — 3550 га, Жалал-Абад облусунда — 2567 га), баардыгы болуп — 14 817 га аянтта каршы күрөшүү иштери жүргүзүлдү (анын ичинде Баткен облусунда — 9150 га, Ош облусунда — 3500 га, Жалал-Абад облусунда — 2167 га).

Азыркы учурда Жалал-Абад, Баткен, Ош, Чүй, Талас облустарында Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин адистери тарабынан чегирткелер таралган аянттарды аныктоо боюнча кеӊири масштабдагы изилдөө иштери жүрүп жатат.

Химиялык иштетүүлөр Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин атайын техникалары — Тойота Хайлюкс автомашиналарына чиркелген Микронер АУ-8115М ультра аз көлөмдүү уучачкычтары иштеп жатат. Баткен облусунда — 2 аппарат, Ош облусунда 1 аппарат жана Жалал-Абад облусунда 1 аппарат иш жүргүзүлүүдө.  

Белгилей кетүчү нерсе, апрель жана май айынын I декадасындагы аба-ырайынын климаттык шарттары (үшүк менен коштолгон аба-ырайынын температурасынын кескин төмөндөп кетүүсү, нөшөрлүү жаан чачындар, зыяндуу чегирткелер чыккан аймактардагы жер көчкүлөр) үстүбүздөгү жылы зыяндуу чегирткелердин таралып, жайылуусуна жагымсыз шарт түздү.

Мындай кырдаал зыяндуу чегирткелер тараган айрым райондордо (өзгөчө Жалал-Абад облусундагы) зыяндуу чегирткелердин личинкаларынын массалык азайуусуна алып келди. 

Бирок, июнь айынын I декадасынан баштап аба-ырайынын кескин ысып кеткендигине байланыштуу, зыяндуу чегирткелердин массалык көбөйүүсү, таралышы жана зыяндуулугу Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй, Баткен жана Нарын облустарында күтүлүүдө.

Показать текст
Close