Жаңылык

2020-жылдын 1-майга карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалыматы

Эт өндүрүү. 2020-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 115,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 2456 тонна, же 2,1 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт өндүрүү азайган.

Эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу Баткен облусунда – 3,0-пайызга, Нарын облусунда – 5,6- пайызга жана Ош облусунда – 8,9- пайызга азайган. Жогорудагы аталган облустардагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын маалыматына ылайык эт өндүрүү темпинин төмөндөп кетишинин каронавирус пандемиясынын жайылышына бөгөт койуу максатында киргизилген чектөөлөргө байланыштуу мал базарлары, союлучуу пункттар жана эт сатылуучу жайлар өзгөчө абал мезгилинде убактылуу жабылгандыгы эң негизги себеби болуп эсептелинет. 2019-жылдын аягына карата республиканын бардык облустарында малдын жана үй канаттуулардын саны өсүп жаткандыгы байкалат. Covid-19 боюнча киргизилген чектөөлөр алынгандан кийин жана мал базарлар, союлучуу пункттар жана эт сатылуучу жайлар толук ачылганда эт өндүрүү темпи өткөн жыл менен салыштырмалуу бардык облустарда жогорулайт. Белгилей кетчү нерсе, Жалал-Абад (101,0 пайыз), Ысык-Көл (101,4 пайыз), Талас (100,4 пайыз) жана Чүй (101,2 пайыз) облустарында эт өндүрүү өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү. 2020-жылдын 1-май айына карата республика боюнча 399,2 миң тонна сүт өндүрүлдү, 9290 тонна, же болбосо 2,4 пайызга мурунку жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Республика боюнча сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 22,6 миң башка жана 1-уйдан саалган орточо саан 8,7 кг көбөйүшү менен байланыштуу. Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилинде республикада 169721 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 73 миң даанага же 0,1 пайызга азайган.

2020-жылдын 1-майга карата жумуртка өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Чүй (99,7%) жана Ысык-Көл (93,2%) облустарында төмөндөшү байкалат. Жумуртка өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшүү былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу аталган облустардын Сокулук (97,0%) жана Ысык-Көл (83,9%) райондорунда азайганы байкалат. Бул райондордо жумуртка өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби канаттуулар фабрикаларында, даандуу тоюттардын баалары жогорулашы менен, мекиян тоокторун этке союулуп кеткендигине байланыштуу болду.

\

Показать текст
Close