Жаңылык

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө 2020 жылдын 7 — апрелине карата маалымат

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралында кабыл алынган  № 36 буйругуна  ылайык, жазгы себүү иштерин өткөрүүгө облус, райондордогу түзүлгөн штабдар тарабынан  зарыл чаралар көрүлүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмү жана адисдештирүү боюнча жер-жерлерде окутуу-семинарлар өткөрүлдү.

Бул компаниянын жүрүшү Министрликтин жооптуу кызматкерлери региондорго бекитилип,   чечилбей жаткан проблемаларды өз убагында чечүүгө  жардам көрсөтүлүп жатат..

2020-жылдын түшүмү үчүн —141,5 миң гектар жерге күздүк буудай, 12,6 миң гектарга арпа себилген.

Жазгы талаа иштерин өткөрүүгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн себүү кондициясына 84 % жеткирилет.

Бүгүнкү күнгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн менен камсыздалышы буудай-арпа  менен 95,0 пайызга камсыз болду.

Жетишпеген үрөндөр жер-жерлерден түшкөн заякаларга ылайык, мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон  жаздык буудай, арпанын, жүгөрүнүн,  картөшкөнүн эспарцет жана   беденин  үрөндөрү дыйкандарга товардык кредит катары бөлүнүп  берилип жатат.Мындан тышкары дотация системасы аркылуу буудай, арпа жана жүгөрүнүн үрөндөрү берилип жатат.

Айыл чарба техникаларынын ремонту боюнчабардык облустарында тракторлорду, себүүчү жана жер иштетүүчү айыл чарба техникалардын ремонту  88% түзөт, кээ бир аймактарда 90% болду. Бүгүнкү күнгө 106,0 даана техника лизингке берилди.

Жеңилдетилген  кредит. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын  14-февралындагы № 81 токтому менен бекитилген «Айыл чарбасын каржылоо-6» долбоорунун алкагында «Айыл-Банк» ААК, РСК-Банк жана башка республиканын коммерциялык банктары аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө акчалай кредит берилүүдө.

2020-жылдын 6-апрелине карата жалпы 525,0 млн. сомго  жеңилдетилген насыя берилген, анын ичинен «Айыл-Банк» ААК аркылуу-272,5 млн.сом, РСК-Банк аркылуу 252,5 млн. сомг кредит берилди.

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү. Быйыл жазгы-талаа иштери былтыркы жылга караганда эки жумага  эрте башталып, республиканын бардык облустарынын айыл чарба субьектилеринде жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү отчеттук күнгө карата жакшы темпте өтүүдө.

Күзгү кылкандуу дан эгиндеринин  86,3 миң га жер аянттары азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылган, же белгиленген тапшырма 89,7 %, аткарылды.

Жер айдоо иштери дагы өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда алдыда жүрүүдө, республика боюнча  312,3 миң га жер айдалган, белгиленгендин 49,2 % түзөт, же өткөн жылдын деңгээлине караганда 41,9 миң га көп болду.

Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү былтыркы жылга салыштырмалуу жогорку темпте жүрүүдө. Республика боюнча  189,1 миң га себилип, тапшырма 61,5 % аткарылып,  2019-жылга караганда  17,8 миң га көп эгилди.

Алардын ичинен жазгы буудай- белгиленген 114,3 миң га  59,0 миң га аянтына себилип,  тапшырма 51,6 %, аткарылып, же өткөн жылга караганда 9,7 миң га көп себилген.

Жазгы арпа боюнча жалпы 193,4 миң га тапшырманын 130,1 миң га себилип,  тапшырма – 67,0 % аткарылып, өткөн жылга караганда  8,1 миң га көп.

Ошондой эле, картөшкөнү отургузуу 7,9 миң га  жүргүзүлдү, же  тапшырма  11,1 % түзүп, 2019-жылга караганда 2,0 миң га көбүрөөк себилди.

Жашылча-9,9 миң га жерге себилип,  тапшырма  18,5 %га аткарылып, өткөн жылга караганда 2,0 миң га көп отургузулду.

Кант кызылчасы – 4,5 миң га отургузулуп, тапшырма 33,0 % аткарылды. Ал эми, май өсүмдүктөрү болсо 6,2 миң га эгилип, тапшырма 24,3 % аткарылып, өткөн жылдан 2,0 миң га көп..

Бакча өсүмдүктөрү – 1,5 миң га  эгилип, тапшырма 13.3 % аткарылды.

Чанактуу өсүмдүктөр  негизинен Жалал-Абад облусунда 150,0 га жергесебилип, тапшырма 0,2 % аткарылды.

Жүгөрү – 11,4 миң га жерге себилип, тапшырма 10,7% аткарылып,  2019-жылдан 3,4 миң га көп болду.

Пахта Жалал-Абад, Ош  облустарында 2,2 миң га себилип,  өткөн жылдан 400 га көп.

Показать текст
Close