ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин фитосанитардык контролдоо чөйрөсүндөгү чечимдеринин долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жөнгө салуучу таасирди баалоонун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин төмөнкү чечимдеринин (долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) коомдук талкуулоосу башталгандыгын Министрлик маалымдайт:

  1. Бажы бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукциялардын (карантинге алынуучу жүктөрдүн, карантинге алынуучу материалдардын, карантинге алынуучу товарлардын) тизмесин өзгөртүү жөнүндө (мындан ары — тизмеге өзгөртүүлөрдүн долбоору);
  2. Бажы бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл (тескөө) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (мындан ары — жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоору);
  3.  Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечиминин долбоору  “Карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык камсыз кылуу жөнүндөгү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (мындан ары  — тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор)

Кошумча маалыматты Евразия экономикалык биримдигинин расмий сайтындагы төмөнкү даректер боюнча билип алсаңыздар болот.

  • Тизмеге өзгөртүүлөрдүн долбоору Евразия экономикалык бирлигинин укуктук парталында жайгаштырылган:
https://docs.eaeunion.org/ria/ru-ru/0103806/ria12122019

Долбоорлорду коомдук талкуулоонун мөөнөтү 2019-жылдын 25-декабрынан тартып 2020-жылдын  23-февралына чейин.

  • Жобого өзгөртүүлөрдүн долбоору Евразия экономикалык бирлигинин укуктук парталында жайгаштырылган:

https://docs.eaeunion.org/ria/ru-ru / 0103810 / ria _122019

Долбоорлорду коомдук талкуулоонун мөөнөтү 2019-жылдын  16-декабрдан тартып 2020-жылдын 14-февралына чейин.

  • Тартибине өзгөртүүлөрдүн долбоору Евразия экономикалык бирлигинин укуктук парталында жайгаштырылган:

https://docs.eaeunion.org/ria/ru-ru/ 0103803/ria_12122019

Долбоорлорду коомдук талкуулоонун мөөнөтү 2019-жылдын 25-декабрдан тартып 2020-жылдын 23-февралына чейин.

ЕЭК Кеңешинин чечимдеринин долбоорлору боюнча бардык кызыктар тараптар, өздөрүнүн сунуштарын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ЕАЭБ менен иштөө жана БДСУ маселелери боюнча бөлүмгө жөнөтүшсө болот.

Показать текст
Close