ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Айыл чарба продукцияларын экспорттоого көмөктөшүү үчүн фитосанитардык кызмат боюнча кадр потенциалын жогорулатуу

Япония Өкмөтүнүн Расмий жардамын жайылтуу алкагында, эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу макулдашуусунун негизинде «JICA» кызматташуу программасы менен 2019-жылдын декабрь айында «Кыргыз Республикасында айыл чарба продукцияларын экспорттоого көмөк көрсөтүү максатында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча кызматкерлердин потенциалын чыңдоо» деген темада Японияда эки жумалык окуу өсүмдүктөрдүн ички карантининен 10 адамдан турган адистери билимин жогорулатып келишти.

Кадрдык потенциалдын алкагында 2019-жылдын 1-13-декабрында Япониянын Йокогама жана Цукуба шаарларынын «JICA» окуу борборунда 2 адис Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин борбордук аппараттынан, 8 адис (Чүй-Бишкек, Ош, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Талас) аймактык башкармалыктарынан квалификациясын жогорулатуу курстарын өтүп келишти.

Окутуу учурунда Департаменттин адистери фитосанитардык кызматтын япон системасында уруктарды импорттоодо жана экспорттоодо иштин уюштурулушу, мыйзамдары жана фитосанитардык чаралары, ошондой эле практика учурунда аба транспорту менен ташылуучу жүктөрдү карантиндик текшерип кароо системасы менен таанышышты.

Окуунун аягында ар бир адис «Өз жумуш орундарында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн ишин өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер планы» деген темада план жазышып бет ачарын даярдашып, коргоп келишти.

Квалификацияны жогорулатуу курсунун жыйынтыктары боюнча адистер сертификаттарды алышты. Келерки жылы «JICA», өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялардын 10 адамдан турган адистерин окутууну пландаштырууда.

Показать текст
Close