Жаңылык

Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү боюнча окуулар өттү

2019-жылдын  19-декабрь күнү К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетиндеги  окуу борборунда айыл чарба кооперативдерин  өнүктүрүү боюнча өткөрүлгөн 2 күндүк окууну бүткөрүшкөн Чүй облусунун райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары менен  айыл чарба адистерине сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Сертификаттарды Туркия мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын ыйгарымдуу элчисинин биринчи орун баса ы мырза Екта Камил Ноян, КРнын айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К Керималиев, Турция мамлекетинин ТИКА кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин жетекчиси Али Мусли мырза жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин проректору Т.Дж Чортонбаевдер катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, сертификаттарды тапшырышты.

Показать текст
Close