2019-жылдын 11 айында 89 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке кирди

2019-жылдын 11 айынын жыйынтыгында республикада тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайында 353 юридикалык жакты жана 10143дөн ашык жеке жакты камтыган 18 тармак бар.
Кайра иштетүү өнөр жайындагы ишканалар 2019-жылдын 11 айында 27224,98 млн сом суммада продукция өндүрүшкөн, бул 2018-жылдын 11 айына салыштырганда 3,6% көбүрөөк өндүрүлгөн.
Кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын түзүү жана иштеп жаткандарын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишканаларды региондук адистештирүүнү эске алуу менен жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасы боюнча 2019-жылдын 11 айында 89 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке кирди жана 1141 жумуш орундары менен камсыздалды, алардын ичинен облустар боюнча:
- Баткен облусу боюнча 2019-жылга 13 кайра иштетүүчү ишканалар түзүлүп, 90 жумуш орундары менен камсыздалды;
- Жалал-Абад облусу боюнча 2019-жылга 26 кайра иштетүүчү ишканалар түзүлүп, 281 жумуш орундары менен камсыздалды;
- Ош облусу боюнча 2019-жылга 15 ишкана пайдалаууга берилди, 281 жумуш орундары менен камсыз болду;
- Талас облусу боюнча 2019-жылга 5 ишкана пайдалаууга берилди, 40 жумуш орундары менен камсыз болду;
- Ысык-Көл облусу боюнча 2019-жылга 15 кайра иштетүүчү ишкана түзүлдү, 132 жумуш орундары менен камсыз болду;
- Нарын облусу боюнча 2019-жылга 7 ишкана ишке берилди, 122 жумуш орундары менен камсыз болду;
- Чүй облусу боюнча 2019-жылга 7 ишкана ишке берилди, 145 жумуш орундары менен камсыз болду;
- Ош шаары боюнча 2019-жылы 1 ишкана ишке берилди, 50 жумуш орундары менен камсыздалды.
Эл аралык стандарттардын жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын тамак-аш жана кайра иштетүү ишканаларына түшүндүрүү жана иште колдонуу боюнча семинарлар жана тренингдер системалуу түрдө уюштурулууда.