ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Борбор тарабынан окуулар жүргүзүлүп жатат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация  министрлиги  Түркия мамлекетинин ТИКА кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин колдоосу менен   К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде  айыл чарба кооперативдерин  өнүктүрүү боюнча  окутуу борбору    ачылгандан баштап айыл чарба кооперативдери тууралуу окууларын улантууда.

Азыркы мезгилде жогоруда аталган окутуу борборуна Чүй облусунун ар бир районунан экиден же  райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары менен  айыл чарба адистери чакырылып жатат.  Кезектеги окутуу 2 күнгө созулуп, 2019-жылдын  18-19 декабрь күндөрү өткөрүлүүсү күтүлүүдө.

Показать текст
Close