ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Илимпоздор тоюттун жаңы сортун чыгарышты

Айыл чарба илиминин кандидаты Н.В. Килязова жетектеген жайыт жана тоют бөлүмү өсүмдүктүн жаңы сорту кылкансыз Жалын тез жетилүүчү тоютун чыгарышты.

Кылкансыз Жалын жаңы сорту жаз алды менен башка тоют өсүмдүктөрүнө караганда тез өсүү менен март айынын биринчи декадасында, ал эми июнь айынын үчүнчү декадасында үрөнүн  чогултууга болот. Жалын сорттон  380 ц/га жашыл масса чөп алынат, ал эми кургак массадан 108,9 ц/га алынат,  үрөн 3,45 ц/га алынат.

Бул жаңы сорт республиканын тоолуу райондорунда фермерлик жана дыйкан чарбаларында колдонсо болот.

2014-жылдан баштап бул кылкандуу Жалын жаңы сорту экологиялык сыноодон өткөн “Лахол” (Кара-Кужур) Нарын областынын, Нарын районунун,  Ат-Башы районун “Казыбек”, “Терек” Ак-Талаа районуна  жогорудагы  райондордун 0,5 га демонстрациялык жер бөлүгү  уюшулган.   

Сыноо көргөзгөндөй, жаңы тоюттун түрү Ыссык-Көл жана Нарын облустарынын тоо этектеринде мол түшүм берген. Сыноо аянтынан 15 кг урук алынган, үрөн Шайдан  ОПП/ЖК га 2020-жылга берилген, жайыттарды жакшыртуу максатында Шайдандан алынган урукту жайыт пайдалануучулар республиканын жайыттарын жогорулатуу  үчүн пландаштырып жатышат.

Показать текст
Close