ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан Ысык-Көл облусунда “Фермер күндөрү” өткөрүлдү

2019-жылдын 14 жана 18-ноябрында Дүйнөлүк банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун алкагында Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору ААЖБнын директору Беков Т.Н. башында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунда “Фермер күндөрү” өткөрүлдү.

Иш чараларда КР ЖКнин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин Депутаты А.Узакбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиев, райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары, бенефициар фермерлер, кайра иштетүү ишканаларынын өкүлдөрү, ошондой эле кызыдар тараптар.

Бул иш-чаралардын максаты долбоордун аралык натыйжалары менен таанышуу, өндүрүүчүлөрдүн, кайра итетүүчү ишканалардын жана өндүрүш каражаттарын жабдуучулардын ортосундагы аянтчаны түзүү болуп эсептелинет. Бул иш-чаранын алкагында өндүрүш каражаттарын жабдуучулардын, тоюттардын, үрөндөрдүн, саан аппараттарынын жана башка ишканаларынын коргөзмөсү өткөрүлдү, ошондой эле консультациялар, сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу суроолору боюнча сунушталып жаткан технологиялар тууралуу маалымат берилди. Андан тышкары, катышуучулар долбоордун алкагында жерлерде окутуу жүргүзүү максатында уюштурулган көрсөтмө фермердик чарбаларга бара алышты.

Иш-чаралардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун алкагында сатылып алынган товарлар жана жабдуулар долбоордун бенефициарларына салтанаттуу түрдө тапшырылып берилди. Сүт фермердик топторунун лидерлерине көргөзмө максатында кичи-жем майдалагычтарды сапаттуу кошулма тоюттарды даярдоого жана сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, сүт саачу аппараттар, резина маттары уйлардын астына төшөмдөр тапшырылды. Облустагы ар бир 127  сүт алуучуларга комплекстүү өлчөөчү каражаттарын сүттүн сапатын фермерден сүт алууда текшерүүгө тапшырып берилди.

Показать текст
Close