Жаңылык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын 2-3-декабрында Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигиндеги: натыйжалары, тажрыйбасы жана перспективалары» темасында практикалык конференцияны өткөрүүнү уюштурат

Министрлик маалымдайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын2-3-декабрында Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинде: натыйжалары, тажрыйбасы  жана перспективалары» деген темада практикалык конференцияны өткөрүүнү уюштурат жана ошондой эле, панелдик сессияны өткөрүүгө каралган темалар: “Тамак-аш азыктарынын техникалык регламентерин жөнгө салуу жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин өз ара соодасында санитардык жана ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу” жана «ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн агроөнөр жай өндүрүшү чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын жыйынтыктары тууралуу маалымат».

Практикалык конференциянын максаты Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу актуалдуу маалыматтарды берүү. Конференцияга катышууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү чакырылган.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жогоруда аталган панелдик сессияларына докладчик  же болбосо  дискуссант болуп чарбакер субъекттилеринин өкүлдөрүн, эл аралык уюмдарынын эксперттерин, бизнес-жамааттарынын  жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн чакырып кетет. Докладчик болуп чыгуу үчүн . электрондук дарекке темаңыздын аталышын жана долбоордун өзүн  жөнөтүүңүздү суранабыз.

Кызматташууңузга ыраазычылык билдиребиз!

Показать текст
Close