Жаңылык

Балык өндүрүүчүлөргө уруксат кагаздар берилүүдө

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти форель-гегаркуни жана сига-лудога балыктарынын күзгү-кышкы урук чачу мезгилинин башталганына байланыштуу балык өндүрүүчүлөрдү кармоого уруксаат кагаздарын берүүнү баштады. Анын ичинен Тон балык өстүрүү заводуна жана «Балыкчылар» ЖЧКна азыркы убакта (18.11.19) форелдин 130 мин дана уруктандырылган икрасы даярдалып, жасалма инкубациялоочу аппаратына салынды жана дагы 80 мин даанага карата иштер уланып жатат.

Сига-лудога балыгынын уруктарын жасалма жол менен инкубациялоо максатында «Сон-Көл балык чарбасы» Мамлекеттик ишканасына уруксат кагазы берилди. 2019-жылдын 18-ноябрына карата балык чарба тарабынан 3 млн. 400 мин дана урук  Тон балык өстүрүүчү заводунун инкубациялык цехине салынды. Сон-Көл балык чарбасы сига-лудога балыгынын уруктарын даярдоо иш чараларын улантууда.

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти КРнын Илимдер Академиясынын Биология Институту менен биргеликте бекитилген «2019-2020-жылдарга карата КРнын аймагында жайгашкан балык чарба багытындагы көлмөлөрдү балыктандыруу тапшырмасынын» негизинде урук чачуу мезгилинен баштап Ыссык-Көл көлүндөгү сига-лудога балыгынын өндүрүүчүлөрүн. Анын ичинен Тон балык өстүрүүчү заводуна, «Кара кол балыгы» ЖЧКна, жана ошондой эле Тон балык өстүрүүчү заводуна Орто-Токой суу сактагычында сига-лудога балыгынын өндүрүүчүлөрүн кармоого уруксат кагаздарын берүүгө даярдыктар жүрүп жатат.

Показать текст
Close