Маанилүү жаңылык

Айыл чарба министрлигинин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 15-ноябрда Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана меллиорация министрлигинин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өттү.
Майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, төраганын орун басары Мирлан Бакиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы А.Орозалиев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын (ФАО) өкүлү Д. Рахманова, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана меллиорация министри Эркинбек Чодуев жана дыйкандар катышты.
Иш чарада айыл чарба техникалары, заманбап нано технологиялар, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине каршы химикаттар, айыл чарба органикалык продукциялары, айыл чарба азык-түлүктөрдү кайра иштетүүчү өнөр жайлардын продукциялары, кургатылган жер жемиштер көргөзмөгө коюлду.
А.Орозалиев өлкө башчысынын куттуктоо сөзүн окуп берди.
“Кыргыз эли кылымдар бою табигый таза продукцияларды өндүрүп келген тажрыйбаны улантып, жакынкы жылдары жаңы технологияларды колдонуу менен экологиялык таза продукцияларды арбын өндүргөн жана экспорттогон өлкөгө айлануу максатын койдук. Ал үчүн майда чарбаларды бириктирүү, ири кооперативдерди түзүү, ирригациялык системаларды куруу, сугат жерлерди көбөйтүү милдети турат. Тармакты башкаруу жана санариптештирүү системаларын өркүндөтүү керек”, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Ал эми өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин куттуктоо сөзүн Замирбек Аскаров окуду.
“Учурда мамлекеттик колдоо жана эл аралык финансы институттары аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча бир нече ири долбоор жүзөгө ашырылып жатат. Бул, албетте, айыл калкынын жашоо сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин биздин дыйкандар өз продукциясын интеграциялык биримдиктин катышуучу мамлекеттеринин рыногуна экспорттоо мүмкүндүгүн алышты. Россия Федерациясынын техникалык колдоосунун алкагында фитосанитардык лаборатория курулуп, бир фитосанитардык лаборатория капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке берилди. Бүгүнкү күнү айыл чарбасына тийиштүү 13 техникалык регламент иштелип чыккан”,-деп айтылат куттуктоодо.
Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана меллиорация министри Эркинбек Чодуев айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.
“Азыркы учурда дыйканчылыкта, мал чарбасында жана кайра иштетүү өнөр жайында базар экономикасынын шарттарына шайкеш келген, суроо- талабына ылайыкташкан алгылыктуу тажырыйбаларга ээ болуп калдык. Өткөн иштерден өрнөк алып, республиканын айыл чарба тармагын мындан ары да өркүндөтүү үчүн ар кимибиз тапшырылган ишке жоопкерчилик менен мамлиле жасап, өлкөбүздүн айыл чарба тармагын арттырууга мезгил келип жеткендигин белгилөө керек”, — деди ал өз сөзүндө.
Мындан сырткары башкаларга үлгү боло алган айыл чарба кызматкерлери министрликтин ардак грамотасы менен сыйланды.

Показать текст
Close