Маанилүү жаңылык

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарын текшерди

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери тарабынан  мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарында бир жума ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөр.

Ушул жылдын 18 октябрынан 22 ноябрында экспорттолуучу 6867,68 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы жана 12544,45 тонна импорттолуп келген продукциялар текшерүүдөн өттү.

Товарларды ташып чыгаруу жана ташып кирүүсүн текшерүү менен, продукциялардан үлгүлөрдү алуу, карап чыгуу ташуу шарттары жана сактоо эрежелери ишке ашырылды. Мындан тышкары, экспорттолгон жана импорттолгон продукциялардын маанилүү аспектиси болуп саналган этикеткалоо маркалоо эрежелерин текшерүү жол-жобосу, ошондой эле коштоочу документтердин бар экендигин текшерүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Россия Федерациясына жана Казахстан Республикасына экспорттолгон 253,0 тонна жашылча (болгар калемпири, сабиз, чеснок, пияз, капуста, түрп); 1321,2 тонна мөмө жемиш (жүзүм, алма, алмурут, кара өрүк, анар, бийалма, хурма); 1231,7 тонна кургатылган мөмө жемиш; 692,1 тонна жаңгак (Россия Федерациясына жана Түркия Республикасына экспорттолгон жана 3057,06 тонна буурчак, России, Казахстан жана алыскы , жакынкы чект өлкөлөргө багытталган. Картошка 117,5 тонна Украинага жана Узбекистанга; азык түлүк тамактар — 200,61 тонна Россия, КЭР, Таджикистан, Узбекистан жана Монголия өлкөлөрүнө экспорттолгон. Жыгач материалдары — 3807 м3 Россия жана Узбекистанга экспорттолгон . Баардыгы болуп-1498 уруксат кагаздары берилген.

Жума ичиндеги текшерүүнүн натыйжасында Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Бардык экспорттолгон продукциялар даректери боюнча жеткирилген, жүктөрдү кайтаруу катталган эмес.

Показать текст
Close