Жаңылык

Форум «Айыл чарба азыктарын экспорттоо жана Кыргыз Республикасындагы азык түлүк коопсуздугу»

2019-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасында экспорт жана азык — түлүк коопсуздугу маселелерине арналган  форум болуп өттү. Форум Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак- ашты жакшыртуу” долбоорунун техникалык жана финансылык колдоосу менен уюштурулду.

Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери, министрликтердин жана ведомстволордун, аймактык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын, эл аралык жана донор уюмдарынын, бизнес-ассоциациялардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын, илимий- билим берүүчү чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

            Форумда төмөнкү маселелер талкууланды:

            — майда товардыктан жана ар түрдүү сорттуулуктан   өндүрүштүн жогорку өндүрүмдүү  уюшкан жана атаандаш моделине өтүү жолу менен айыл чарба азыктарынын экспорттук потенциалын жакшыртуу;

            — ата – мекендик айыл чарба азыктарын экспортко чыгарууга кызыкдар бардык тараптардын комплекстик мамилелерин  жана биргелешкен макулдашылган аракеттерин пайдалануу, азык – түлүк  коопсуздугуна жетүү жана тамак-аш азыктарынын сапатын жакшыртуу;

— айыл чарба азыктарын экспортто системасын топурактан тартып сатууга чейин өнүктүрүү (фермер, өндүрүш жана сатуу);

 — ортомчуларды четтетүү, коррупциялык тобокелдерди болтурбоо жана кардарлардын убактыларын үнөмдөө үчүн КР МКМ КТБ (ЦОН) мисалында (айыл чарба азыктарынын коштоп жүрүүчү документтерин  тариздөө боюнча стационардык пункттарды уюштуруу) сертификаттоо системасын жакшыртуу;

— мамлекеттик органдардын арасында азык-түлүк коопсуздугу жана экспорт чөйрөсүндөгү максаттуу  багытталган  иштерди  өркүндөтүү;

— азык–түлүк коопсуздугу жана тамак-аштын сапатын жогорулатууга жетишүү чөйрөсүндө ЕАЭС өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүү.

         Форум жогоруда аталган актуалдуу маселелерди талкуулоо менен жогорку деңгээлде өттү, форумдун ишинин жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды.

Показать текст
Close