Жаңылык

Департаментте өндүрүлгөн эки микробиологиялык препараттар Биолигнин

2019-жылдын күздүк – талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Органикалык айыл чарба департаментинин кызматкерлери август айынан баштап республикаынын аймактарында күздүк себүүдө микробиологиялык каражаттардын артыкчылыктары жөнүндө жер-жерлерде семинар-окууларды өткөрүштү. Күздүк – талаа иштеринде Департаментте өндүрүлгөн эки микробиологиялык препараттар Биолигнин дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 30%га чейин, иммунитетин, сапатын жогорулатуу үчүн колдонулса, ал эми Триходермин микробиопрепараты илдеттерди алдын алуу жана жок кылуу үчүн колдонулат.

Азыркы учурда Департаменттин территориалдык филиалдары республика боюнча 8000 литр Биолигнин, 1500кг/литр Триходермин менен камсыз кылуу боюнча дыйкан- фермерлер менен келишимдер түзүлгөн, ушул маалга карата 6150 литр Биолигнин, 1540 кг/литр Триходермин менен камсыз кылынды.

Показать текст
Close