Жаңылык

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматы

2019 жылдын 25-27-сентябрь күндөрү Таджикистандын Душанбе шаарында Европада жана Борбордук Азияда пестициддерди каттоо системасы боюнча регионалдык семинар, экинчиси Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда пестициддерди башкарууда регионалдык эксперттик тобун түзүү боюнча отурум болуп өттү.

Бул иш-чара жетекчилер, техникалык кызматкерлер, өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди контролдоо үчүн жооптуу кызматкерлер үчүн арналган. Ошондуктан Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин эки адиси катышкан.

Бул регионалдык тренингдин башкы максаты өлкөнүн өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо боюнча адистерин эл аралык стандартта квалификациясын жогорулатуу жана зыянкечтерге каршы күрөшүүдө жеткиликтүү жана экологиялык жактан коопсуз ыкмаларды колдонууну өнүктүрүү.

Андан сырткары экичи отурумдун максаты, пестициддерди башкарууда Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын аймактарында билимди жогорулатууга, өлкөлөр ортосунда маалымат алмашууну бекемдөөгө жана колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Показать текст
Close