Жаңылык

Кыргыз МЧжЖ ИИ Институтунун биотехнологиялык бөлүмүндө өндүргүч букалардын уруктарын сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Республиканын фермердик чарбаларына  жардам көрсөтүү максатында Кыргыз МЧжЖ ИИ Институтунун биотехнологиялык бөлүмүндө өндүргүч букалардын уруктарын сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бөлүмдүн  базасында айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу боюнча техник- осеменаторлорду окутуп үйрөтүүгө баардык шарттар түзүлгөн жана алынган уруктарды тоңдуруу учун заманбап жабдуулар орнотулган.

Азыркы учурда бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан алынган уруктарды фермерлерге таратуу иштери жана техник- осеменаторлорду окутуу боюнча даярдыктар жүрүүдө.

      Бугунку күндө жогорку сапаттагы урук алуу учун 1.3 жаштагы 2 баш абердин-ангус жана 1,5 жаштагы 2 баш швиц породасындагы өндүргүч букалар сатылып алынып, аларды урук алууга үйрөтүлүп келечекте фермерлерге таратуу учун тоңдурулуп жатат.

Показать текст

Добавить комментарий

Close