Жаңылык

2020-жылдын 1-июлуна карата айыл чарба өндүрүшүнө прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү боюнча маалымат

2020-жылдын 1-июлуна карата тамчылатып сугаруу системасын чарбакер субъектилергее окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Дыйкан фермерлерге окутуп үйрөтүү иштери агрозооветокууларын жүргүзүүдө райондук деңгээлде, андан кийин айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде окутулуп келинди. Тилекке каршы дуйнө жүзүндө жүрүп жаткан пандемияга байланыштуу март айынан баштап окутуу иштери басаңдап калды.

Тамчылатып сугаруу системасын окутуунун негизги максаты ар бир райондо көбүрөөк демонстрациялык участкаларды куруу иштери болууда. Демонстрациялык участкаларды куруу максатында Бүткүл Дүйнөлүк Банк каржылаган «Улуттук суу ресурстарын башкаруу фаза-1» (УСРБ фаза-1) долбоору менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун программасынын негизинде 2020-жыл ичинде 10 ашык дыйкан чарбаларына демонстрациялык участкаларды куруу мерчемделүүдө.

Ошондой эле, Министрлик Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы менен биргеликте (2018-ж.28-декабрындагы “Ниеттер жѳнүндѳ протоколу”) түзүлгөн келишимдин негизинде аймактык семинарларды өткөрүү пландаштырылгын. Тилеккке каршы Кыргыз Республикасында “Ковит 2019” пандемиясынын байланыштуу түзүлгөн кырдаал бир топ иш чараларды кыскартууга алып келди. Ошол себептен Ноокат районунда өткөрүлүүчү аймактык семинар өткөрүлбөй калды.

Мындан сырткары, Министрлик  тарабынан “Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасын 2020-2024-жылдар ичинде ѳнүктүрүү концепциясы” концепциянын долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберилип, учурда тийиштүү бөлүмдөр берген сындар боюнча иштер жүрүп жатат.

Жогорудагыдай жүргүзүлүп жаткан иштердин негизинде, республика боюнча 2020-жылдын 1-июлуна карата 1174 чарбакер субьектиси 2494,4га, же 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында 25 чарбакер 45,6 га жерге тамчылатып сугаруу системасын орнотушкан.

Тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу иштери негизинен Баткен облусунда (238,2 га), Жалал-Абад облусунда (130,9 га), Ош облусунда (395,9), Ысык-Көл облусунда (396,7,9 га), Нарын облусунда (2,1 га), Талас облусунда (12,5 га) жана Чүй облусунда (1318,1 га) орнотулган.

Республиканын дыйкандары негизинен Туркияда чыгарылган тамчылатып сугаруу системалары курдуруп иштеп жатышат, ал эми ургалдуу бактар жана чоң аянттагы жашылчалар Израилде чыгарылган тамчылатып сугаруу системасы менен иштелип жатса, күнөсканалардагы жана башка жашылча талааларында Кытайда чыгарылгандары иштеп жатат. Андан тышкары көпчүлүк дыйкандар колунда бар тетиктер менен тамчылатып сугаруу системаларын өздөрү жасап, иштетишип келишүүдө.

Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасы негизинен бак дарактарга, жашылчаларга, пахтага, жүгөрүгө, кант кызылчага, күнөсканаларга ж.б коюлууда. Акыркы жылдарда интенсивдүү бактарды отургузууга айрыкча көңүл бөлүнүп, карлик жана орто карлик бактары отургузула баштады. Быйылкы жылы тамчылатып сугаруу системасын орнотууну каалаган фермерлерге жеңилдетилген шартта насыяларды берүү үчүн атайын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдоо үчүн жумушчу топ түзүлүп өз жумушун баштоодо.

Показать текст
Close