Жаңылык

КРнын азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун жүрүшү жөнүндө 2020-жылдын 1 августуна карата маалымат

2020-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын
6-февралында 2020-жылдын сезондук талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүп алууга айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу № 36-б буйругун кабыл алган.

Аталган иш-чарада мамлекеттик Материалдык резервдер фондусу аркылуу илешкектиги (клейковинасы) 23%дан кем эмес 10,0 миң тонна аштык буудайды сатып алуу маселеси каралган.

2020-жылы «Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында 4,2 млрд. сомго 8,0 миң кредит берилди.

2011-жылдан бери «Мамлекеттик лизинг» долбоору аркылуу 4,0 млрд. сомго 3,0 миңден ашык техникалар лизингге берилди. Ошондой эле 2020-жылы 250 техникага чейин берүүнү пландалган, бүгүнкү күнгө 204 даана техника лизингге берилди.

Республиканын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн сертификацияланган сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу максатында “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо” Мыйзамы кабыл алынган.

2020-жылдан тартып дотациялоо системасы ишке киргизилип үрөн чарбалардан сертификацияланган базар наркынан 30 пайыз арзан баада, буудай, арпа жана жүгөрүнүн үрөндөрү дыйкан-фермерлергедотация аркылуу – 9,2 млн. сом берилди.

Акыркы 5 жылда пайдаланылбаган айдоо аянттары 90 миң гектардан 56,6 миң гектарга чейин, же 33,3 миң гектарга азайып, быйыл жалпы айдоо аянты – 1 223,6 миң гектарга жетип өткөн жылга салыштырганда – 6,7 миң гектарга өстү.

Республикада азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы боюнча айтсак, жалпысынан алганда өлкөнүн улуттук жана экономикалык коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Бүгүнкү күнгө айыл чарбасынын негизги тогуз азыктарынын ичинен республика өзүн сүт, картөшкө жана жашылча азыктары менен толук камсыздайт, ал эми калган алты азыктын түрлөрү боюнча импорт аркылуу камсыздалат.

Республиканын ички рыногунун негизги азык-түлүк продукциялары менен камсыздооимпорттун эсебинен нан азыктары – 101,5%ды, картошка – 105,8%ды, сүт – 133,2%ды,
эт – 61,6%ды, жашылча жана бахча өсүмдүктөрү – 92,9%ды, мөмө-жемиш – 27,1%ды, үй канаттулар жумурткасы – 78,8%ды, кумшекер – 86,8 % түзөт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2020-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча өсүмдүк майлары менен камсыздоо өтмө калдыктары жана экспорт-импорттун эсебинен – 305,1% өтмө калдыктары жана өздүк өндүрүүнүн эсебинен камсыздандандыруу – 36,8% болду.

Бүгүнкү күнгө карата орточо эсеп менен 43,6 миң тонна калдык бар.

Азык-түлук коопсуздугу камсыздалбай калган азыктар боюнча импорттук ташып келүүлөр болуп, республиканын ички рыногунда көйгөйлөр жаралган жок.

Азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылууда үрөнчүлүк маанилүү ролду ээлейт. Миниистрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын негизинде мурунку жылдарга салыштырмалуу өсүмдүктөрдүн түшүмдүлүгүн көбөйтүүнү алдыбызга максат кылып койдук. Буга жетүү үчүн жогорку түшүм берүүчү жаңы сортторуду, гибриддерди, ресурс үнөмдөөгө багытталган прогрессивдүү алдыңкы инновациялык агротеникалык ыкмаларды өндүрүшкөкиргизүү менен гана жетише алабыз. Мындай алдыңкы технологиялар үрөндү, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана сууну үнөмдүү пайдалануу менен топурактын азыктуулугун жакшыртат.

Кризистик шартта өлкөнү нан азык-түлүгү менен камсыз кылуу маселеси башкы орунга чыккандыктан, бул көйгөйдү чечүү максатында быйылкы жылы дан эгиндерине басым жасалып, анын жалпы себүү аянты 648,0 миң гектарды түзүп, өткөн жылдан 22,3 миң гектарга көп болду, анын ичинен: буудай 247,5 миң гектарга себилип, 7,9 миң гектарга өткөн жылдан көп болду.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун көлөмүн жогорулатуу максатында, ошондой эле коронавирус инфекциянын жайылышы менен коштолуучу терс сценарийлерди жана республиканын калкын керектүү азык-түлүктөр менен, айрыкча өздүк өндүрүштөрдөн нан азыктары менен камсыздоого тийгизген таасирин эске алуу менен, Министрлик күздүк буудайдын аянтын кеңейтүүгө багыт жасоодо, анткени жаздык буудайга караганда түшүмдүүлүгү 20-30 пайызга жогору болушу жана данынын сапаты менен айырмаланат.

Ошол себептен, күзгү буудайдын аянтын 220,0 миң га чейин кеңейтүү максатында айдоо аянттарынын түзүмүн кайра карап чыгуу жаңы заманбап прогрессивдүү алдыңкы технологияларды жана ата-мекендик жана чет мамлекеттик селекциядагы эң жогорку түшүмдүү сортторун өндүрүшкө киргизүүнү пландап жатабыз. Буга Министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан үрөндөрдү дотациялоо системасы дагы өбөлгө болот. Ошону менен бирге өткөрүлүп жаткан иштердин негизинде буудай данынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу менен сунушталган 300,0 миң га аянттан (2020-жылы 220 миң га күздүк буудай + 80 миң га 2021-ж. жаздык буудай) кошумча буудай данын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ушуга байланышту аталган КР Өкмөтүнүн буйругуна тийиштүү өзгөртүүлөрдүү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Эми, учурда талаалардагы жүрүп жаткан оруп жыйноо иштери уюштуруучулук иштерге токтоло кетсем.

Министрлик, Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр менен биргеликте оруп-жыюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, аны аткаруу боюнча облустук жана райондук денгээлде штабдар иштеп жатат.

Айыл чарба техникаларынын ишке даярдуулугу алардын түрлөрүнө жараша 82-94% түзөт. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын макулдашуусунун негизинде комбайндар жетишсиз аймактарга башка региондордон келип жардам берип жатышат.

Ал эми дыйкан-фермерлерди күйүүчү-майлоочу материалдар, дизелдик отун менен камсыздоодо 84,9% болуп, анын орточо баасы 35,8 сомду түзөт. Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын маалыматына ылайык, дыйкан жана фермерлерди күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөйлөр болбойт.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыкчам маалыматтарына ылайык, республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн (буудай, арпанын) – 225,0 миң га жыйналды, же жалпы анттын 48,2 % түзүп, өткөн жылдын деңгээлинен – 21,0 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк буудайдан
28,0 ц/га, арпадан — 24,5 ц/га, же өткөн жылдагыдан –
2,8-1,7 ц/га жогору.

Бункердик салмак менен алганда 592,1 миң тонна дан жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу – 100,7 миң тоннага көп топтолду, а.и:

— буудай – 318,1 миң тонна, же 54,6 миң тоннага көп;

— арпа – 274,0 миң тонна, 46,1 миң тоннага көп болду.

Быйылкы жылы 680,0 миң тоннага чейин буудай жыйноо күтүлүүдө жана келечекте 1,0 млн. тоннага жеткирүү милдети турат.

Кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштеринин жогорку көрсөткүчү Талас жана Чүй облустарында байкалып, орточо түшүмдүүлүгү 27,2-31,0 ц/га жетип, былтыркы жылдан 2,5-3,0 центнерге көп болууда.

Арпанын жогору түшүмдүүлүгү Чүй облусунда жогору болуп, ар бир гектарынан 25,7 ц/га түзүп, же былтыркыдан 2,2 центнерден көп алынууда.

Картөшкө — 8,8 миң га жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 162,9 ц/га, же өткөн жылга карата 3,3 ц/га көп. Болжолдонгон картошканын дүң жыйымы 1320,0 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдан 54,0 миң тоннага аз жыйналуусу күтүлүүдө. Анткени картошканын аянты быйыл 3,0 миң гектарга аз эгилген.

Үстүбүздөгү жылы жашылча, бахча жана мөмө-жемиштеринин дүң жыйымы 19,4 миң тонна, 8,5 миң тонна, жана 14,5 миң тоннага көп жыйналуусу болжолдонууда.

Эгерде глобалдык масштабда алсак, анда 2020 жылы буудайдын өндүрүүсү Россия Федерациясынын түштүгүндө, анын ичинде Ставрополь аймагында жана Астрахань областында 30-35% азайышы күтүлүүдө, Краснодар аймагында 20-25%. Ушундай эле кырдаал коңшу Казахстанда да күтүлүүдө.

Быйылкы жылы Чүй, Талас областарынын, ошондой эле Ош областынын Араван районун фермерлери суугат суусунун жетишпегендигинен улам кыйынчылыктарга дуушар болушту. Ошонун негизинен түшүмдүүлүктүн аз болуп калыш коркунучу бар

Ал эми кайра иштетүү тармагы боюнча айтсак, айыл чарба азыктарын тамак-аш багытында кайра иштетүүчү 353 юридикалык ишканалар жана 10194 жеке ишкерлер иштөөдө. Быйылкы жылга 40 жаңы ишкана түзүү каралган болсо, 6 айдын жыйнтыгы менен 36 ишкана түзүлүп, 741 жумушчу орун пайда болду.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2020-жылдын январь-июнь айына кайра иштетүү ишканалары тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктарын 13664,4 млн. сом суммасындагы продукция өндүругөн, физикалык көлөмдүн индекси 96,1 % түзгөн.

2019 жылдын ушул мезгилине карата тамак-аш азыктарынын өндүрүшүнүн өсүшүн белгилеп кетсек болот. Анын ичинде сүт азыктарын өндүрүү – 34,4 %га, эт – 7,1 %га, сухарь жана печенье өндүрүү – 14,1 %га жана жашылча-жемиш кайра иштетүү – 11,1%га.

Суусундуктарды өндүрүү июнь айында 14,0 % өскөнү байкалууда.

Айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча 2020-жылдын январь-май айында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын азыктары жалпысынан 7 635,4 млн. сомго экспорттолгон, бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинин көрсөткүчүнөн 2,5 % (сом менен) төмөн. Анын ичинде:

  • Мал чарбачылыгынын продукциялары жалпысынан 485,5 млн. сомго же 6 709,8 миң АКШ долларына экспорттолгон, бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинин көрсөткүчүнөн улуттук валюта менен 55,1 % жогору, АКШ доллары менен 49,5 % жогорулаган.

—     тирүү малды экспорттоо 12,7 миң баш 3 867,5 миң АКШ долларын түздү бул 2019-жылдын тийиштүү мезгилинин көрсөткүчүнөн 32 миң башка аз жөнөтүлгөн, бирок акчалай түрдө 2 605,9 миң АКШ долларына көп жөнөтүлдү.

  • Өсүмдүк продукциялары боюнча 2019-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу улуттук валютада 7,1 % га төмөндөп, 3 818,4 млн. сомду түздү. Ал эми АКШ долларында да 9,8 % га төмөндөгөн жана 52,9 млн. АКШ долларын түздү.

—     жашылча жана жемиштер 136 642,7 тонна 53 085,0 миң. АКШ долларга экспорттолуп, 2019-жылдын көрсөткүчүнөн экспорттун көлөмү накталай жагынан 46,0 % жогорулап, акчалай жагынан 2,7 %га төмөндөгөн.

  • Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы

2019-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу улуттук валютада 14,3 % га жогорулап, 3 331,4 млн. сомду түздү. Ал эми АКШ долларында 8,5 % га жогорулап 45 316,8 миң. АКШ долларын түздү.

Анын ичинен:

сүт продукцияларынын экспортоонун көлөмү, 13 350,9 тоннаны жана 19 251,0 миң. АКШ долларын түздү, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу экспорт натуралдык түрдө 46,9 % га, ал эми акчалай көрсөткүчтөр 70,8 %га жогорулаган.

Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын импорту 2020-жылдын январь-май айында 17 771,5 млн.сомду же 241,2 млн. АКШ долларын түздү, 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,2 % (доллар менен) төмөндөгөн.

Учурда күздүк себүүгө керектелүүчү кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн, үрөнчүлүк чарбалар жана башка чарбалык субьектер тарабынан себүү кондициясына жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Показать текст
Close