Жаңылык

2020-жылдын 29-майына карата жазгы-талаа иштеринин жыйынтыгы жөнүндө маалымат

Жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүндө өлкөнүн  айрым аймактарында киргизилген өзгөчө кырдаал, биздин дыйкан фермерлерге кыйынчылыктарды жараткан.  Ошол себептен, инистрлик  учурунда  чара  көрүп, айылдык товар өндүрүүчүлөр  үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдары, айыл чарба техника жабдуулары, жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттары менен  толук камсыз болду. Айдап-себүү жумуштары белгиленген агромөөнөттө жүргүзүлүп, былтыркы жылга караганда 10-күнгө эрте аяктады.  

Кризистик шартта өлкөнү  нан азык-түлүгү менен камсыз кылуу маселеси башкы орунга чыкты. Ошондуктан, бул көйгөйдү чечүү  максатында   быйылкы жылы  дан эгиндерине басым жасалып, анын себүү аянты  646, 4 миң гектарды түзүп, өткөн жылдан 22,0  миң гектарга көп болот, анын ичинен:

-буудай 247,6 миң гектарга себилип, 8,0 миң гектарга көп;

       -дандык жүгөрүнүн  аянты 1200 га  жогорулап,107,4 миң га;

       -чанактуу өсүмдүктөрдүн аянты 63,2 миң га түзүп, өткөн жылга караганда 2,0 миң га көп себилет;

       -арпа 215,0 миң га, же 9,9 миң га көп болжолдонууда.

ЕАЭС өлкөлөрүнүн базарларында суроо-талап жогору болгондугуна байланыштуу жашылчанын аянты  54,0 миң га   бахча өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары 11,5 миң га жетип, былтыркыдан 600 га көп эгилет.    Калк арасында жана экспортко жогорку суроо-талапка ээ, болгондуктан сулунун жана күрүчтүн аянттары өсөт.

Илимий жактан негизделип иштелип чыккан которуштуруп айдоо схемасына ылайык, жердин азыктуулугун сактоо жана тоют маселесин чечүү максатында  тоют өсүмдүктөрүнүн 12,2 миң га аянты көбөйүп, жалпы  386,6 миң га түзөт.

Жыйынтыгында республика боюнча  жалпы аянт,  2019-жылга карата, 2020-жылы 2,3 миң гектарга көбөйүп—  1 млн 219 миң гектар болжолдоонуда. Акыркы жылдары  пайдаланылбай калган жерлердин аянты жылдан-жылга азаюуда. Тактап айтсак, 2014-жылы 110 миң га пайдаланылбай калган болсо, 2020-жылы 59,0 миң га чейин азаюуусу болжолдоонууда.

 Негизинен айыл чарбасындагы өсүү темпи акыркы жылдары  Өкмөт тарабынан ишке ашырылып келген чоң долбоорлордун өзүнүн жемишин бере баштаганын белгилей кетсем.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2011-жылдан бери «ФСХ» долбоору менен 96 миңден ашык товар өндүрүүчүлөргө 36,0 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди.  Ал эми 2020-жылы  «ФСХ-8» долбоорунун алкагында 2,4 млрд сомго 5,0 миң кредит берилди.

2011-жылдан бери «Мамлекеттик лизинг»  долбоору аркылуу  4,0 млрд  сомго 3,0 миңден ашык техникалар берилди. Андан тышкары дыйкандарыбыз 3 миңден ашык айыл чарба техникаларын түз сатып алуу жолу менен алышты Бүгүнкү күнү муниципалдык жана жеке болуп, баардыгы  100 МТС анын ичинен 10 МТС быйыл түзүлдү. 2020-жылы  250 техникага чейин берүүнү пландалган, бүгүнкү күнгө 131 даана техника берилди.

2020-жылдан тартып дотациялоо системасы ишке киргизилип үрөн чарбалардан сертификацияланган базар наркынан 30 пайыз арзан баада, буудай, арпа жана жүгөрүнүн үрөндөрү  дыйкан-фермерлергедотация  аркылуу  – 9,5 млн. сомго берилди.

Үрөндөрдү дотациялоо система менен  дыйкандарыбыз сапаттуу үрөндөр менен камсыз болуп, түшүмдүүлүк  5-10% чейин жогорулап, азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылуудагы өзөгүн түзөт.

Биз азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылуудагы өзөгүн түзгөн,  үрөн өндүрүшүн модернизациялоого чоң маани берип,   жаңы заманбап прогрессивдүү алдыңкы технологияны киргизип,  өсүмдүктөрдүн түшүмдүлүгүн мурунку жылга салыштырмалуу 2,5 центнерге көбөйтүүнү алдыбызга максат кылып койдук.

Бул багытта акыркы жылдагы  аномалдуу аба-ырайынын өзгөрүшүнөн  кургакчылыкка чыдамдуу кыска вегетациялык мөөнөттөгү ата-мекендик жана чет мамлекеттик селекциядагы1 гектардан 60-80  центнерден жогору  түшүм берүүчү  буудай,  арпанын  жаңы сортторун, ошондой эле 12-16 тоннадан жүгөрү данын берген  гибриддерин  дыйкандарыбызга сунуштап жатабыз.

Акыркы 5 жыл ичинде 42 ата-мекендик селекциядагы сорттор, 57 СНГ мамлекеттеринин селекциясынын сорттору жана 505 чет элдик сорттор жана гибриддер Мамлекеттик реестрге киргизилди.

Ошондой эле кайрак жерлерге,  жаңы инновациялык ыкма менен жерди  айдабай туруп, үрөн, жер семирткич менен бирге  “Нулевой высев”), буудай, арпа эгишип, гектарынан 25-30ц ден, ал эми суугат жерден    55-60 ц/га түшүм алышууда. 

Ошону менен бирге, үрөндү жана сууну экономдуу  пайдалануу максатында   үрөндү гектарына 200-250 килограмдын ордуна  120-160 килограмдан себүүнү жана суугарууда заманбап (дождевальная)  жамгырлатуучу  машина менен  жана тамчылатып суугаруу технологияларын (2,5 миң. га )  жайылтылууда.

Учурда  республикада биринчилерден болуп, Кадамжай районун буудай оруп жыюу иштери башталып гектарынан 36,0 центнерден алынууда. Быйылкы жылы буудайдын дүң жыйымын  700,0 миң тонага чейин, келечекте 1,0 млн. тоннага  жеткирүү милдети турат.

Бул көрсөткүчкө жетишүү үчүн, күздүк буудай аянтын 220,0 миң га чейин кеңейтүүнү пландап жатабыз. Себеби жаздык буудайга салыштырмалуу 20,-30 % жогорку түшүмгө жана сапатка ээ. Келерки жылы 300,0 миң га аянтка кеңейтилет.

Показать текст
Close