ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Дубайда “Agro Me” эл аралык көргөзмөсү өттү

2020-жылдын 3-7-мартында Дубайда болуп өткөн “Agro Me”  эл аралык көргөзмөсүнө, Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин өнөктөшү “Рейнкетчер” ЖЧКсы тарабынан, “Рейнкетчер” препараты көрсөтүлдү.

Өсүмдүктөрдү азыктандыруучу жана нымдуулукту сактоочу,  “Рейнкетчер” препараты Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти тарабынан апробациядан жана каттоодон өтүп, “Кыргызстанда өндүрүлгөн” бренди менен чыгарылат.

“Рейнкетчер” компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, препарат катышуучулар арасында кызыгууларды жаратып, 100дөн ашык башка мамлекеттерге ташып келүү сунушуна ээ болгон. Айта кетсек, 2020-жылдын январь айында Франциянын Париж шаарында  болуп өткөн көргөзмөдө өсүмдүктөрдү азыктандыруучу жана нымдуулукту сактоочу “Рейнкетчер” препаратына Европа союзу жана АКШнын “Amazon” компаниясы тарабынан кызыгуулар жаралган жана Нигерияга ташып келүүгө сунуштар түшкөн.

Показать текст
Close