ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Республиканын маданий-жайыттарын түзүү жана табыгий жайыт жерлерин жакшыртуу үчүн ылайыкталган беденин көп жылдык сортун чыгаруу.

Беденин дүйнөлүк жыйындысын, жергиликтүү сортторун,  сорт-популяциясын жана экотүрлөрүн пайдаланып беденин баштапкы сорт — үлгүсүн түзүү.

Кыргызстанда негизги тоют өсүмдүгү — беде, бедени өстүрүү — топуракты оорулардан сактоонун, анын асылдуулугун көбөйтүүнүн  эң арзан жана алдыңкы ыкмасы болуп эсептелет.

Беденин тандоо иштеринин башкы багыттары — жогорку түшүмдүү, зыянкечтерге жана ооруларга туруктуу беденин сортторун чыгаруу жана колдонулуп жаткан сорттордун чарбалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу.

Республикада жаратылыштын экологиялык түрлөрү кеңири, ошондуктан,  жайыт үчүн малды көп оттотууга чыдамдуу, чөп аралашмасын түзүүдөгү өз ара атаандаштыкты камсыздоодо, б.а. маданий-жайыт түзүүдө жана табыгий жайыт жерлерин жакшыртууга ылайыкталган беденин сортун чыгаруу — тандоо иштеринин негизги  талабы.

Кыргыз МЧ ж-н ЖИИИ беденин ар түрдүүчө пайдаланууга ылайыкташтырылган 4 сорту чыгарылып райондоштурулган: чөп чабыкка — Береке (1986) жана «Бектур» (2015), үрөнгө — Манас (1999), чөп чабыкка-жайытка — «Аян» сорту (2013). 

2018 жылы  жаңы сорту  чыгарылды,  көк чөбүнүн кошумча түшүмү  61 ц,  кургак чөбү 15,3 ц,  уругу 0,73 ц түзөт. Жаңы сорт айыл чарба, кайра иштетүү жана сугат министрлигинин алдындагы  Департаментте текшерүүдөн өтүүдө.

Азыркы убакта окумуштуулар беденин жайыт үчүн ылайыкталган сортун чыгаруу үчүн, беденин баштапкы сорт — үлгүсүн түзүүнүн үстүндө иштешүүдө.

Показать текст
Close