ЖаңылыкМаанилүү жаңылык
“Мыкты фермер -2020” сынагынын жобосу бекитилди

“Мыкты фермер-2020” республикалык сынагын өткөрүү боюнча жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2020-жылдын 4- февралындагы № 27-буйругу менен бекитилип жарыяланды. Учурда жобону шартына ылайык райондук мамлекеттик администрацияларда жумушчу топтору түзүлүп жатат. Андан кийин жогорудагы конкурса катышууну каалаган талапкер дыйкан чарбалардын тизмесин каттоо иштери жүргүзүлөт.