ЖаңылыкМаанилүү жаңылык
Жасалма уруктандырууну жайылтып, сүт өндүрүүнү жогорулатса болот

Республика боюнча 2015-2019-жылдарда ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандырууда 368173 баш уй кунажындар уруктандыруудан өткөрүлгөн. Алардан 229403 баш (80%) музоо алынды, анын ичинен 114711 баш ургаачы торпоктор.
2019-жылда жасалма уруктандыруу жолу менен алынган 90 миң баштан ашык кунажындардан 20 литрден кем эмес сүт саалып алынып, 2019-жылда республика боюнча ( стат маалымат) ар бир баш саан уйдан 20.5 литр сүт саалып алынды же ар бир уйдан сүт саап алуу 2002.3 кг көтөрүлдү. Бул көрсөткүчкө 2015-жылдан бери жасалма уруктандыруудан алынган асыл тукум кунажындардын сүттүүлүгүнүн негизинде жетишилди.
Жасалма уруктандырууну республика боюнча жайылтып, сүт өндүрүүнү дагы жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр бар.