ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Жер семирткичтер арзан баада сатылды

Кыргызтандагы  жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр ассоциациясы (КАПУ- Кыргызская ассоциация поставщиков удобрений), 2020-жылдын жазгы-талаа иштерине даярдануу максатында азоттук жер семирткичтерин төмөндөтүлгөн өздүк наркта үстөк баасыз (өздүк нарк + жеткирүү боюнча чыгашалары) өлкөнүн баардык фермерлерине бир айлык сатуу акциясын жүргүзүшкөн.

Аталган акцияга ылайык 2019-жылдын 15-ноябрынан баштап 15-декабрына чейин жүргүзүлгөн. Акцияда азоттук жер семирткичтерге төмөндөтүлгөн сатуу наркы төмөндөгүдөй баада коюлган:

аммиактуу селитрага — 15,73 сом/кг;

карбамидге — 16,78 сом/кг.

Кыргызтандагы  жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр ассоциациясынын кампаларынан — 4865 тонна минералдык жер семирткичтер фермерлер тарабынан алынып кеткен, бул Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 3852 фермерин жана фермердик чарбаларын  минералдык жер-семирткичтер менен камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Кыргызтандагы  жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр ассоциациясы (КАПУ) Айыл чарба Министрлигин жана Химиялаштыруу жана  өсүмдүктөрдү коргоо жана департаментинин кызматкерлерине маалыматтарды өз убагында фермерлердин арасында жайылтууга берген жардамы жана көрсөтүлгөн көмөгү үчүн чон ыраазычылыгын билдиришти.

Показать текст
Close