ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Жалал-Абадда «Агрозоовет окуулары» өткөрүлдү

Азыркы учурда республика боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги тарабынан жыл сайын фермерлерди окутуу «Агрозоовет окуусу»  Жалал-Абад облусунун Токтогул, Аксы жана Ноокен райондорунда өткөрүлүп жатат.
Бул окутууларды Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн (РОХЗР) башчысы К. Садыков жана адистеринин катышуусунда өткөрүлүүдө. Алар Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги зыянкечтери, илдеттери жана отоо чөптөрүн өз убагында аныктоо жана аларга каршы күрөшүү иш чараларын убагында жана бекитилген талапка ылайык туура жүргүзүүнү үйрөтүшүүдө. Андан сырткары айылдык товар өндүрүүчүлөргө өсүмдүктөдү коргоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу сигналдык билдирүүлөрдү өз убагында тийиштүү мекемеге билдирүүлөрү тууралуу айтылды.

Показать текст
Close