ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

2019-жылдын 1-декабрына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмү, 2019-жылдын 1-декабрына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат сунуш кылат.

Эт өндүрүү. 2019-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 375,0 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 8055 тоннага, же 2,2 пайызга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51862 башка көбөйгөн, кой жана эчкинин саны – 90174 башка, жылкылардын саны – 17355 башка жана үй канаттуулардын саны 99279 башка көбөйгөн.

Белгилей кетчү нерсе 2019-жылдын январь-ноябрь айында республиканын бардык облустарында, 2018-жылдын ушул мезгилине карата эт көбүрөөк өндүрүлгөн

Сүт өндүрүү. 2019-жылдын январь-ноябрь айында республика боюнча 1519,3 миң тонна сүт өндүрүлдү, 34,4 миң тоннага, же болбосо 2,3 пайызга былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү уйлардын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 22800 башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Показать текст
Close