Жаңылык

Агроөнөр жай тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча маалымат

Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралынада №81 токтому менен “Айыл чабасын каржылоо-8” долбоору бекитилди.

“АЧК-8” долбоорунун алкагында, 09.07.2020-ж. карата, коммерциялык банктар тарабынан айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүно 7642 насыя 3878638,8 миң. сомго берилди.

Анын ичинен категориялар боюнча:

“АЧК-фермер” – 2920583,8 миң сомго жеңилдетилген шартта 7478 насыя берилди. Анын ичинен тармактар боюнча:

— дыйканчылыка –389092,6  миң сом суммасында 1175 жеңилдетилген кредит;

— мал чарбасына – 2531491,3 миң сом суммасында 6303 жеңилдетилген кредит;

“АЧК-Кластер”– 190255,0 миң сом суммасында 82 жеңилдетилген кредит;

Тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларына 404000,0  миң сом суммасында 71 жеңилдетилген кредит;

Данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүгө 363800,0  миң сом суммасында 11 жеңилдетилген кредит берилди.

Насыяларды берүү банктар боюнча төмөнкүдөй:

— “Айыл банк” ААК бардык суммасы 1671142,2 миң сомго 2839 жеңилдетилген насыя;

— РСК банк” ААК бардык суммасы 1856668,0 тыс. сомго 3560 жеңилдетилген насыя;

— “Оптима банк” ААК бардык суммасы 100004,0 миң сомго 724 жеңилдетилген насыя;

— “КИКБ” ЖАК бардык суммасы 100000,0 миң сомго 120 жеңилдетилген насыя;

— “Бай Түшүм банк” ААК бардык суммасы 8935,0 миң сомго 32 жеңилдетилген насыя;

— “Бакай банк” ААК бардык суммасы 141889,6 миң сомго 368 жеңилдетилген насыя;

Анын ичинен облустар боюнча:

– Чүй облусу — суммасы 1053242,3 миң сомго 1203 жеңилдетилген насыя;

 — Ысык-Көл облусу — суммасы 494064,5 миң сомго 1118 жеңилдетилген насыя;

– Талас облусу – суммасы 297195,4 миң сомго 818 жеңилдетилген насыя;

– Нарын облусу – суммасы 381712,6 миң сомго 949 жеңилдетилген насыя;

– Жалал-Абад облусу – суммасы 833742,1 миң сомго 1824 жеңилдетилген насыя;

– Ош облусу – суммасы 602260,0 миң сомго 1207 жеңилдетилген насыя;

– Баткен облусу – суммасы 216422,0 миң сомго 523 жеңилдетилген насыя берилди.

Показать текст
Close