ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Кооперативдерди өнүктүрүү максатында окуулар өткөрүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 13-февраль күнү И.К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика факультетинин базасында ТИКА Туркия эл аралык уюмунун жардамы менен ачылган окуу борборунда республика боюнча ( Чүй облусунан тышкары) райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларын кооперативдерди өнүктүрүү боюнча окутуу курсу өткөрүлдү.

Окуу курсунун башталуу аземине КРнын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев жана ТИКА Туркия эл аралык уюмунун жетекчиси мырза Мусли Али катышып сөз сүйлөштү.

Аталган окуу борборунда быйылкы жылы жети жолу кызыкдар фермерлерди жана адистерди окутуу курсун өткөрүү мерчемделүүдө.

Показать текст
Close