ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

AFACI долбоору боюнча жыйынтык отчет

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти (Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарыын банк-лабораториясы) тарабынан 2016-жылдын июль айынан 2019-жылдын июнь айы аралыгында Корея Республикасы тарабынан каржыланган “Айыл чарба өсүдүктөрүнүн жакшыртылган улуттук үрөндөрүн жайылтуу жана айыл чарба технологиясын өткөрүп берүү боюнча демонстрациялык проекти: Кыргыз Республикасында арпанын жакшыртылган сортторунун үрөндөрүн жайылтуу” (Seed Extension) аттуу AFACI долбоору ишке ашырылды.

Азык-түлүк жана айыл чарбасы тармагындагы Азия кызматташтыгынын демилгеси (AFACI) азык-түлүктү өндүрүүнү жакшыртууга, туруктуу айыл чарбасын ишке ашырууга жана айыл чарба технологиялары тууралуу билим жана маалыматтар менен алмашуу жолу менен азия мамлекеттеринде билимди жайылтуу кызматтарын кеңейтүүгө багытталган өкмөттөр ортосундагы жана ар тараптуу кызматташтык органы болуп саналат.

Аталган долбоордун максаты – дыйкан жана фермерлерди арпанын ата-мекендик жана чет элдик селекциясынын жакшыртылган сорттору менен тааныштыруу; арпанын жакшыртылган сортторунун үрөндөрүн жайылтуу.

Долбоорго ар башка облуста жайгашкан Департаменттин 6 түзүмдүк бөлүмү – мамлекеттик сорт сыноо тилкелери жана бекети тартылды. Алар: Чуй облусундагы Сокулук комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо тилкеси, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу мамлекеттик сорт сыноо бекети, Талас облусундагы Бакай-Ата комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо тилкеси, Баткен облусундагы Лейлек кайрак сорт сыноо тилкеси, Ош облусундагы Кара-Суу комплекстүү жана Өзгөн кайрак сорт сыноо тилкелери.

Арпанын жаңы сорттору тууралуу дыйкандарды, фермерлерди жана селекционерлерди маалымдоо максатында, AFACI долбоорун ишке ашыруу шарттарына ылайык 2016-2019-жылдар аралыгында долбоорго тартылган сорт сыноо тилкелеринде 18 аймактык семинар жана “Талаа күндөрү” өткөрүлдү. Семинарлар үрөнчүлүк, дыйкан жана фермердик чарбаларынын, ошондой эле облустук жана райондук агрардык өнүктүрүү департаменттеринин  миңден ашуун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.  

Өткөрүлгөн иш-чаралар массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып, министрликтин сайтында жайгаштырылган. Жыл сайын таркатылуучу материал катары маалымат баракчалары жана флаерлер, ошондой эле постерлер басылып чыгарылды.

Расмий сыноолордун жана долбоордун жыйынтыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин реестрине арпанын Стратег, Премиум, Владлен, Вакула, Максат, Аргуль, ЭКСПО 2017 сорттору жана келечектүү тизмесине Леон, Щедрый, Калькюль сорттору киргизилди.

Показать текст
Close