ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Ысык-Көл жээгиндеги мөмө өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери жана илдеттери менен күрөшүү чаралары

         Ысык-Көлдүн жемиш бакчалары, анда  өстүрүлгөн алмуруттун «Лесная» жана «Талгарская красавица», алманын «Алма-Атинский», «Кроваво красный аппорт», «Превосходная», «Стар Кримсон», «ТомКинсКинг», «Аппорт Александрова» деген сорттору жана башка мөмө сорттору менен Кыргызстандан тышкары жактарда да атакка ээ болду.  Бирок акыркы жылдарда  объективдүү жана субъективдүү себептер менен, отургузулуучу аянттардын структуралары жана өндүрүлүүчү өндүрүмдөрдүн көлөмү өзгөрүлдү,  бирок биздин мамлекеттин эгемендүү саясатынын натыйжасында азыркы учурда жемиш бакчаларынын аянты көбөйдү.

Бакчалардын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү эмгекти туура эмес уюштуруунун кесепети болуп саналат. Бактар системасы жок отуругузулууда, сорттордун бышуу мөөнөтүн эске албастан жайгаштырылууда, ал болсо түшүм жыйноону кыйындатып жана чоң жоготууларга алып келет. Эски бактар сейрек болуп отургузулган, 1 га 150-200 бак отургузулган, өзгөчө Түп жана Тоң райондорунда сейректетилген.

Ысык-Көлдүн жээгинде багбанчылыктын 3 зонасы бөлүнгөн: Чыгыш, Борбордук жана Батыш.

Чыгыш зона багбанчылык  үчүн азыраак жагымдуу, аткени кыш суугураак. Ошондуктан бул жерде төмөнкү температурага чыдамдураак сорттор өстүрүлүүгө тийиш.

Борбордук зона – өнөр жайлык багбанчылыкка, урук жана данек өсүмдүктөрүнүн   жогорку сапаттагы сортторуна, өзгөчө абрикос, гилас жана шабдалынын эрте бышкан сорттору үчүн  кыйла перспективдүү. Ал курортторду жана пансионаттарды жабдууда маанилүү роль ойноого тийиш.  

Батыш зона арык, таштак жерлери менен, башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө караганда багбанчылык үчүн пайдалуу.  Жалпысынан облуста Батыш жана Чыгыш бөлүктөрүндө 20% жана борбордук бөлүктө 60% бакчаларды өстүрүү сунуш кылынат. Отургузуунун сунушталган схемасы пайдаланылуучу жалгагычтан (подвой)  көз каранды болот, оптималдуу болуп өтө өстүрүлгөн урук жалгагычтарда 1 га же 4*5м  300-400 бак саналат.

         Багбанчылыктын өндүрүмүн өнүктүрүү максаттарында бизде ири жана майда мөмө питомниктер ийгиликтүү иштеп жатат, алар айыл чарба өндүрүүчүлөрүн ар кандай сорттордун чоң ассортименти менен сапаттуу отургузуучу материалдар менен камсыз кылат.

               И.И. Куликовдун Ананьев мөмө питомниги эң жакшы болуп саналат, ал алманын перспективдүү «Глостер», «Дикавери», «Ред Дюлешес», алмуруттун бактерия күйүгүнө туруктуу болгон  «Беремока» жана «Фиерия», гиластын – «Ленинградская черная», алчанын- «Шпанка крупная» сортторун өстүрүү менен алектенет. Перспективдүү питомниктер болуп Барскоон айыл управасындагы «Тара» жана «Момо Жемиш» саналат, алар клондук жалгагычтарда (подвойлор)-карлик жана жарым карлик көчөттөрдү өстүрүшөт. Кызыл-Суу айылынан Мурат Алышбаевдин, Адыров Самат Жениш а., Ананьевадан  Казиева Раянын питомниктери жөнүндө жакшы пикирлер бар. Ысык-Көл районундагы Карал-Дөбө айылынан Мурат Ачакеев өзүнүн ишин илимий негизге коюп жатат.

Ысык-Көл районунун Сары-Камыш а. жогоруда айтылган бардык питомниктерде соо көчөттөрдү өстүрүшөт, окулировдук материалды соо, текшерилген энелик бакчалардан алышат. Бардык көчөттөр Ысык-Көл үчүн райондоштурулган. Питомниктердин иштерин жакшыртуу максатында, биздин отургузуучу материладарды өндүрүүчүлөргө, клондук бактарды, алманын жана алмуруттун карликтик, жарым карликтин сортторун жаңы муундагы көчөттөрдү өстүрүүгө көңүл бөлүүгө чакырат элем. Карликтик жана пальметтик бакчалардын  тез бышуучулугу,  түшүмдүүлүгү бактардын түшүмдүүлүгүнүн жана жемиштердин жалпы өндүрүшүн көбөйүүсүнүн     маанилүү көрсөткүчү. Гиластын жана алчанын перспективдүү сортторун өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулса болмок, анын артында Ысык-Көлдүн келечеги жатат.

Мөмө өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуучу негизги шарттардын бири сугаруу. Суугарууну бактардын өнүгүү фазаларына туура келтирүү зарыл:

1-сугарууну гүлдөгөнгө чейин;

2-сугаруу гулдөгөндөн кийин;

3-сугаруу июлдагы мөмө байлагыч түшкөндөн кийин;

4-5- сугаруу – мөмөлөрдүн өнүгүү жана өсүү мезгилинде;

6-сугаруу – ным чогултуучу октябрдын аягында.

Шагылдын кыртышта тайыз жаткан борбордук жана батыш зоналарында сууну чыгымдоо ченемин азайтуу, ал эми сугаттын санын 800-900 м3/га эсебинде  8-10 га көбөйтүү зарыл (бакты сугаруу нормасы 1200-1500 м3).

Жер семирткичтер: Тамырлардын негизги массасы 40-80 см тереңдикте жайланышкан, ошондуктан аларга жер семирткичтерди болушунча тереңирээк берүү керек, ал кыйын, ошондуктан отургузуунун алдында берүү өтө чоң мааниге ээ болот. Ысык-Көлдүн жээгиндеги шарттарда 20т/га кык берүү, эффективдүүлүгү боюнча N180 P180 К90 кг/га т.з. (таасир берүүчү зат) минералдык жер семирткичке барабар. Бакчаны отургузуу үчүн кыртышты даярдоодо органикалык (40-60 т/га) жана минералдык жер семирткичтердин (N120 P120-180 К60-90 кг/г) сунушталган нормасы берилсе, анда жаш бактардын  мөмө байлоосу башталганга чейин, бактарга жер семирткичтерди берүүнүн кереги жок.

Мөмө байлаган бактарда, азыктануунун кыймылдуу элементтеринин кыртыштагы кармалышына жараша NPK берүү сунушталат. Катарлардын аралыгында чөп өстүрүлсө жана  100-150ц/га түшүмдү алыш үчүн  100-120кг/га азота т.з. берүү керек.

Кыртышта жеткиликтүү фосфор болсо 1 т кыртышка 10мг чейин фосфордук жер семирткичтер  120-150кг/га т.з. эсебинде берилет.   

10-15мг болгондо-120кг чейин; 15тен 30мг чейин -75-90 жана 30-45 берүү нормасы 45-60кг/га т.з. азайтылат.

Калийдик жер семирткичтер 100мг чейин 1кг га 90-110кг/га т.з. берилет;

                                                100-200мг – 75-90кг/га т.з.

                                                200-300мг – 60-75 кг/га т.з.

                                                400мг көбүрөөк -45кг/га К20

Жемиш бактарынын илдеттери жана зыянкечтери боюнча эмнени билебиз?

Ысык-Көл жээгиндеги бакчаларда эң кеңири тараган зыянкечтер болуп күрөң мөмө кенеси, ар кандай биттер, жибек көпөлөктөр жана мөмө жегичтер, алма күбөсү, алманын гүл жегичтери саналат.

Илдеттерден: ак кебер, парша, бактериалдык тамыр  рагы, цитоспороз, мөмө чириги же монолиоз.

Паршанын, мөмө чиригинин, ак кебердин инфекцияларынын жалпы булагы ар кандай түрдөгү микроскоптук козу карындар. Жана сатыкта болгон бардык фунгициддер так ошол козу карындарды басууга эсептелген. Андан да  коркунучтуусу тилкеде бактериялар менен жабыркаган бактардын пайда болушу: алар курт-кумурскалар менен гана тарабастан, жаан, шамал, ошондой эле кесүүдө жана кыйыштырууда жаракаттар аркылуу тарашат. Мындай илдеттерге кабыктын бактериялык некрозу, тамырлардын бактериялык рагы жана мөмөлөрдүн бактериялык күйүгү кирет.      

Бардык бул препараттар зыянкечтин тирүү организмине ар кандай таасир этет жана ошондуктан бир эле препаратты дайыма пайдаланууда организмде иммунитет, ошол препаратты кабылдабастык  иштелип чыгат.

Биздин учурда жемиш бактарынын өсүүсүнө зыян келтирүүчү  жашыл биттер боюнча. Биз ар кандай инсектициддерди кийинки дарылоолордо алмаштырууну сунуш кылабыз. Биздин багбанчылар инсектициддер менен иштөөгө үйрөнүшкөн, бирок фунгициддер менен  бардыгы иштей албайт, ал эми акарициддер тууралуу иш жүзүндө эч нерсе билишпейт жана алманын кыргычы күрөң мөмө кенеси болсо да өздөрүнүн ишинде аларды колдонушпайт, ал эми карагат август айында карагат кенеси менен жабыркап күрөң же кочкул кызыл болуп турат.

«Мөмөлөрдүн бактериалык күйүгүнө» өзгөчө токтолуп кетким келет. Бул карантиндик  объект менен жуктурулган аянт облус боюнча бүгүнкү күндө -6,47 га түзөт. Алмуруттун «Талгарская Красавица», «Лесная Красавица», «Дюшес» «Мартовский гибрид» сортторуна, алманын «Аппорт Александрова», «Превосходная», жапайы өсүмдүктөрдөн –Кадимки долоного жугуп жатат. Мөмө бактарынын күйүгүн «Frvinia amulovora» бактериясы козгойт, бул миңдеген гектарларга отургузулган бактарды жок кыла турган карантиндик илдет. Аны менен күрөшүү үчүн:

  1. Соо болгон отургузуучу материал тандоо. Ал үчүн питомниктерден, колдон, базардан жуктурулган отургузуучу материал сатып албаш керек. Биринчи, көчөттөр өстүрүлүп жаткан жерге адистер менен кошо барып көрүп, анан сатып алуу керек. Жакшы питомниктер сапатка кепилдик бербейт, анткени илдет жашыруун фазага ээ. 
  2. Биринчи белгилери,  жалбырактарда каралар пайда болот, көпчүлүк учурларда сабактын учу «Койчунун аса таягындай»  ийилип калат. Бул учурда тезинен жабыркаган сабактарды кесип, өрттөп салуу керек. Ар бир кесүүлөрдөн кийин секатор, араа, бакча бычагын дезинфекциялоо керек. Эгерде буларды жасаба, анда бир ооруган сабак 300 соо бактарга жуктурууга жөндөмдүү. Өсүмдүктөрдү тамыры менен жулуп салуу жана өрттөөдө бактардын кургашы 30% жана андан көпкө жетет. Кесүүнү өткөн жылдагы өсүүнүн төмөнкү чегинен жүргүзүү керек же, эгерде бардык шакка жуктурулган болсо  70 см чейин. Милдеттүү түрдө аткарылуучу элемент кесүүчү аспапты10% жездин купоросунун эритмеси, 70% метил спирти же 10%  Na гипохлоридинин эритмеси менен дезинфекциялоо болуп саналат, кесиктерди болсо 1% жездин купоросу менен дезинфекциялоо жана аларды бакча вары же эмульсиялык баёгуч  менен сыйпоо.  
  3. Жапайы өскөн тоют өсүмдүктөрүн, өзгөчө  бакчадан 500 м жакын аралыкта өсүүчү долонону жана кызылдарды жок кылуу.
    Бактериалык күйүк жолуккан жерлерде азоттук жер семирткичтерди чектөө же толугу менен колдонуудан баш тартуу керек;
  4. Аарыны уюгу менен илдет жуккан бакчага алып келүүгө болбойт.
  5. Илдеттин зыянкеч-жуктуруучуларына каршы бакчаларды химиялык дарылоо (биттер, алма бүргөлөрү ж.б. курт кумурскалар) жүргүзүү.
  6. Илдет жуктурулаган отургузулган бактарда жайкы кесүүлөрдөн баш тартуу.

7. Инфекциянын таралуу очокторунда өсүмдүктөрдү коргоонун эффективдүү методу болуп гүлдөө мезгилинде антибиотиктерди пайдалануу саналат. Эң таанымал болуп стрептомицин  саналат, биринчи гүлдөр ачылганда  биринчи жолу 1 л сууга 1гр эсебинде чачуу, экинчи жолу массалык гүлдөө мезгилинде жана гүлдөп бүтөөрү менен үчүнчү жолу чачуу.

Мөмө өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери жана илдеттери менен күрөшүү чаралары

  1. Күзүндө сууктар башталганга чейин

(Кыштоочу стадиядагы зыянкечтер менен күрөшүү жана күндүн-сууктун күйүктөрүнөн коргоо үчүн)

         Өсүмдүктөрдүн калдыктарын жок кылуу, сөңгөктөрдүн тегерегин, катарлардын ортосун казуу, штамбдардын өлүп калган кабыктарын жок кылуу, скелеттик шактардын өзөгүн 20%-30% акиташ сүтү же чопонун акиташ эритмеси менен актоо (2-3 кг чопо жана 1 кг акиташ 10 л сууга) керек.

2. Кышкы мезгил

(Зыянкечтер жана ак кебер, кара рак, парша жана башка илдеттерди козгогучтар менен күрөшүү)

Кургап калган, жабыркаган сабактарда жана шактарды кесип жана жок кылуу, зыянкечтердин кышкы уяларын жана катып калган мөмөлөрдү алып өртөө керек.

  • Бүчүрлөр көпкөнгө чейин 4 градустан төмөн болгондо (кенелердин, биттердин, паршаны жана башка илдеттерди козгогучтардын кыштоочу стадиясын жок кылуу)

Талстар КЭ  0,4-0,6л\га, Пиларстар КЭ 0,4-0,6л\га,Тристар 0,4-0,6л\га, Децис Экстра КЭ 0,04-0,06л\га  ж.б. препараттар менен чачуу.

Илдеттерди козгогучтарга каршы  бордо суюктугу менен  30-60кг\га ( же фунгициддер менен Полирам ДФ 1,5-2,5кг\га, Строби ВДГ 0,14-0,2кг\га Терсел 2-2,5кг\га чыгымдоо нормасында пайдалануу.

  • Ачыла элек гүлдөр фазасы-күлгүн бутон

(Жалбырак жечү зыянкечтердин комплексине жана ак кебер, парша ж.б. илдеттерге каршы)

Бактардын сөңгөктөрүн жана скелет бутактарын кайрадан акиташ сүтүн 1% жездин  купаросу менен актоо сунушталынат.

Фастак 10% 0,1-0,3л\га, Кинмикс 5% 0,32-0,48л\га, Талстар 10% 0,4-0,6л\га, Димилин 48% 0,1л\га, Конфидор 20% 0,15-0,25л\га,  Каратэ5%0,4-0,8л\га, Суми-Альфа 20% 0,13-0,25л\га  БИ-58 жаңы 40% 1,1-1,9л\га, Нурелл-Д 55+5% 1,5л\га.

Илдеттерге каршы-Топаз 10% 0,2-0,5л\га, Байлетон25% 0,15-0,2кг\га, Топсин М 70% 1-2кг\га, Фундазол 50% 1-2кг\га.

5. Гүлдөп бүтөөр замат.

    (Зыянкечтер жана илдеттерге каршы)

Гүлдөп бүтөөр замат (желекчелери түшкөндөн кийин) паршага, кара ракка жана башка илдеттерге, ошондой эле зыянкеч-жуктуручуларга каршы айкалыштылырган чачуулар.

Жогорудагы аталган препараттар менен чачуу.

6. Гүл ачкандан 15-20 күндөн кийин

    (Зыянкечтер жана илдеттерге каршы)

Айкалыштырылган кайталап чачуу.

Дарылоону жогорудагы аталган препараттар менен кайталоо.

  • Түшүм жыйноого бир ай калганда

(Вегетация мезгилинде илдеттерге каршы)

Илдеттерге каршы -Топаз 10% 0,2-0,5л\га,Байлетон25% 0,15-0,2кг\га,Топсин М 70% 1-2кг\га, Фундазол 50% 1-2кг\га.

8. Вегетациянын ичинде

Түшкөн мөмөлөрдү жыйноо жана жок кылуу, соолуп калган сабактарды кесүү жана өрттөө.

Показать текст
Close