Бүгүнкү күндө 873 ветеринар алгачкы каттоодон өткөн.


Уважаемые журналисты,
Быйылкы жылдын баштап жеке ветеринарлар Ветеринардык палатанын Бирдиктүү реестрине катталып башташты. Ветеринардык палатанын максаты — ветеринария тармагында иштеп жаткан жеке ветеринарлардын ишин жөнгө салуу.
Бүгүнкү күндө 873 ветеринар алгачкы каттоодон өткөн. Жогорку же атайын-орто ветеринардык билими бар 2000ден ашык адистин каттоодон өтүүсү күтүлүүдө, андан кийин алар жеке ветеринардык практика ишин жүргүзүү укугуна ээ болушат.
Бул иш-чаралардын зарылчылыгы жеке ветеринарларга мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө мыйзамга өзгөрүүлөр киргенине байланыштуу болду. Атап айтканда: эт азыктарынын сертификациялоосун жүргүзүүгө, малдын ден соолугун көзөмөлдөө программасын аткарууга, эпизоотиялык жагдайга мониторинг жүргүзүүгө окшогон иштерди аткарышат. Келечекте, ветеринарлардын квалификациясына болгон талаптар мындан дагы өсөт.