Маанилүү жаңылык

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү Агрардык университеттин студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 26-ноябрда К.И Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Борбордук азия багбандары” ассоциациасынын төрагасы Абдулла Капаров аталган университеттин студенттери менен жолугушту. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү да катышты.

Абдулла Капаров студенттерди өзүнүн кесибин сүйүүгө, диплом алгандан кийин кесиби менен иштөөгө чакырды. Ал эрте мөмө берүүчү көчөттөрдү көп отургузуу керектигин, сөөлжан багып киреше тапса боло турганын айтты.
“Кыргызстанда дарактарды кесе турган адистер тартыш болууда. Мисалы эрте түшүм бере турган көчөттү би гектар жерге отургузсаң, 1700 даана батат. Ошону кесип, көчөттү бага турган адистер тартыш, андыктан силер дипломуңарды алгандан кийин кесибиңер менен иштегиле”, -деди Капаров.

Ал Казакстандан сөөлжан алып келип, ошону көбөйтүп жатканын айтты. Сөөлжан багуу кирешелүү бизнес экендигин, студенттер бош убактында сөөлжан багуу менен алектенсе, кошумча киреше боло  турганын айтты.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү Таалайбек Айдаралиев студенттерди практика өтүүгө министрликке чакырды.

“Студенттер үчүн ар дайым эшигибиз ачык, бизге келип практикадан өтүп кетсеңиздер болот. Университеттен теориялык жактан алган билимиңерди практика менен бекемдөөңөргө колдон келген жардамды берүүгө даярбыз”, — деди Таалайбек Айдаралиев.

Жолугушуунун соңунда студенттер министрликтин кызматкерлерине жана ишкер Абдулла Капаровго өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, канааттандыраарлык деңгээлде жоопторду алышты.

Показать текст
Close